НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXVIII СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2026-жылдын 20 — июлу № 9 Кошумча штаттык бирдиктерди ачуу жана тарифтерди бекитүү жөнүндө

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  

                           КЕЗЕКТЕГИ ХXVIII СЕССИЯСЫНЫН                            

                                                                                                                   ТОКТОМУ

                                              

2026-жылдын   20 — июлу  № 9

 

                 Кошумча штаттык бирдиктерди ачуу жана тарифтерди бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы,экономика жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарындагы жаңыдан пайдаланууга берилүүчү муниципалдык, коомдук мончонун, Балдардын оюн-зоок (ДРЦ) борборунун жана айланма каруселдин  ишмердүүлүгүн уюштуруу үчүн Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына кошумча штаттык бирдиктери 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып  ачылып берилсин жана эмгек акы маяналары менен бирдикте тиркемеге ылайык  бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
  2. Нарын шаарындагы муниципалдык, коомдук мончонун, Балдардын оюн-зоок (ДРЦ) борборунун жана айланма каруселдин кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери тиркемеге ылайык бекитилип берилсин. (тиркеме тиркелет)
  3. Иш алып баруу жагы Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышы Нарын шаардык мэриясы тарабынан көзөмөлдөнсүн.
  5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

                                             Төрага                                                                                                       Ж.Эсеналиев

№9 токтомго тиркеме

 

Добавить комментарий