НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХXX СЕССИЯСЫНЫН
№ 1\1 ТОКТОМУ
3 — март 2020-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө
Нарын шаарынын 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүүдө «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алынып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Нарын шаарынын 2019-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2.Нарын шаарынын 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдардан Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде Нарын шаардык мэриясынын буйруктары менен берилген 21328,3миң сом акча каражаты бекитилсин.
3.Нарын шаарынын 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинде бекитилген резервдик фонд Нарын шаардык мэриясынын буйруктары менен берилген 1279,7 миң сом акча каражаты бекитилсин.
4.Нарын шаарынын 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин атайын каржатынын планына Кырыз Республикасынын финансы министрлигинен кошумча берилген 2800 миң сом планы бекитилсин.
5.Токтомду аткаруу жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, мэрияга, финансы башкармалыгына.
НАРЫН ШААРЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТИНИН КИРЕШЕ ЖАНА ЧЫГАША БӨЛҮГҮНҮН АТКАРЫЛЫШЫ_ТИРКЕМЕ