НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКСИЗ ХХХI СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
9-март 2020-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын вице мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Нарын шаардык мэриясынын 2020-жылдын 6-мартындагы №03/462 жана 2020-жылдын 9-мартындагы 03/466 сунуш каттарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 4-бөлүмүнө, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 4-главасынын 4.4-бөлүмчөсүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы №329 токтому менен бекитилген «Муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (сынактан тышкары) кирүүнүн типтүү эрежелерине» ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык Кеңешинин сессиясына катышкан 31 депутаттын 20 добушуна ээ болгон «КСДП» фракциясынан депутат Жумакадырова Назира Мамытовнаны Нарын шаарынын вице-мэри кызмат ордуна дайындоого макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, юстиция башкармалыгына.