НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКСИЗ ХХХII СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
19-март 2020 жыл Нарын шаары
Дүйнө жүзүндө болуп жаткан коронавирус оорусун алдын алууга карата Нарын шаарында жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер жөнүндө
Учурда дүйнө коомчулугуна кооптонууну жаратып жаткан коронавирустук инфекциясын алдын алуу жана эпидемиологиялык кырдаалды Нарын шаарынын аймагында жөнгө салуу максатында жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер боюнча шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын, Нарын шаарынын мэри Н.Молдокадыровдун жана маселеге тийиштүү мекеме жетекчилердин маалыматтарын угуп, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын, шаар мэри Н.Молдокадыровдун жана маселеге тийиштүү мекеме, ишканалардын коронавирус оорусунун алдын алууга карата көрүлүп жаткан иш аракеттери боюнча берген маалыматтары эске алынсын.
- Нарын шаарынын мэриясы жана менчигинин түрүнө карабастан тиешелүү облустук, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери төмөндөгү иштерди аткарууну камсыз кылышсын:
- бардык мекеме, ишканаларды, коомдук тамактануучу жайларды, мечиттерди, коомдук унааларды (маршруткаларды, таксилерди, троллейбустарды) белгиленген мөөнөттөрдө дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү;
- шаар ичиндеги санитардык-экологиялык тазалыкты сактоо, имараттардын айланасын, көчөлөрдү, арыктарды, коомдук жайларды ирээтке келтирүү жана турмуш-тиричилик таштандыларын күн сайын өз убагында чыгарып турууга өзгөчө көзөмөл жүргүзүү;
- медициналык бет каптар менен тийиштүү санда камсыз кылуу, медициналык беткаптарды тиктирүү боюнча иш алып баруу, шаардын дарыкана түйүндөрүнө жеткирүүнү уюштуруу;
- эл көп топтолгон жерлерде бет каптарды тагынып жүрүү эрежелерин сактоо жана калкты тейлөөчү соода-сатык жайларында өздүк сактануучу гигиеналык каражаттарды колдонуу менен соода жүргүзүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- коронавируска карата атайын даярдалган медициналык жайлардын бардык керектүү шарттарын түзүү, тиешелүү инвентарлар жана жабдыктар менен камсыз кылуу жана көзөмөлдөө;
- дарыканаларда жугушсуздандыруучу каражаттарга болгон бааны туруктуу кармоо, беткаптардын жана дары-дармектердин баасынын өсүп кетүүсүнө жол бербөө;
- маданий — массалык иш-чараларды өткөрүүгө, коомдук тамактануучу жайлардын, ресторандардын, калк көп топтолуучу жайлардын иштөөсүнө чектөө киргизүү;
- коронавируска карата мөөнөтүнөн мурда жарыяланган эс алуу күндөрүнүн учурунда балдардын үйдө болуп, шаардын көчөлөрүндө жүрүүсүн чектөө тууралуу түшундүрүү иштерин жүргүзүү жана интернет-клубдарда, парктарда, окуу курстарында, спорт жайларында жана башка эл топтолгон жайларда жүргөн өспүрүмдөргө, студенттерге карата рейддерди уюштуруу.
- Шаардын кардарларын өз учурунда маданияттуу тейлөө, кабыл алуу жана медициналык кызматкерлердин кардарларга карата мамилесиндеги терс көрүнүштөрдү жоюу боюнча саламаттык сактоо мекемелери иш жүргүзсүн.
- Нарын шаарында коронавирус эпидемиясын алдын алуу иштерин жүргүзүүгө жергиликтүү бюджеттин 2020-жылдын 1-январына карата калдыгынан 500,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана бөлүнгөн акча каражаттын максаттуу пайдаланышын көзөмөлдөө “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
- Токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына жана менчигинин түрүнө карабастан тиешелүү шаардык, облустук мекеме, ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.
- Токтомду көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Ж. Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, тиешелүү мекеме ишканаларга.