НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ ХХХII СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКСИЗ  ХХХII СЕССИЯСЫНЫН

ТОКТОМУ

19-март 2020 жыл                                                                                                                                                                                  Нарын шаары

 

Нарын шаарында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда баалардын өсүп кетүүсүн алдын-алуу жана борбордук базардагы башаламандыктарды, унаа тыгындарын жоюудагы жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө

        Коронавирус коркунучан улам пайда болгон азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу жана борбордук базардагы башаламандыкты, унаа тыгындарын азайтууда жүргүзүлүп жаткан чаралар боюнча Нарын шаарынын мэри Н.Молдокадыровдун жана маселеге тийиштүү мекеме жетекчилердин маалыматтарын угуп, талкуулап  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын мэри Н.Молдокадыровдун жана маселеге тийиштүү мекеме, ишканалардын жетекчилеринин азык-түлүк коопсуздугунун абалы, борбордук базарда орун алган көйгөйлүү маселелер боюнча берген маалыматтары эске алынсын.
  2. Учурдагы коронавирусту алдын алуу жана азык-түлүк коопсуздугун жөнгө салуу боюнча жүргүзүлуп жаткан күчөтүлгөн режимге байланыштуу жергиликтүү бюджетти туура максаттуу пайдаланууга өзгөчө көңүл буруу менен ашыкча чыгымдарды кыскартуу шаардык мэрияга, шаардык Кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына, КРнын финансы министрлигинин Нарындагы башкармалыгына тапшырылсын.
  3. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын киреше бөлүгүнүн планын ашыгы менен толтуруу жана белгиленбеген жерлерде соода-сатык жүргүзгөн соодагерлерге түшүндүрүү иштерин тийиштүү мекеме, ишканалар менен биргеликте жүргүзүп, мыйзамдын негизинде чара көрүү жагы КРнын мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.
  4. Нарын шаарында ун жана башка күнүмдүк пайдалануудагы азык-түлүктөрдүн баасын туруктуу кармоо боюнча КРнын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Нарын облустук бөлүмү жана укук коргоо органдары көзөмөлдү күчөтсүн.
  5. Азык-түлүк рыногундагы кызыл кулактыктын алдын алуу жана коомчулуктагы дүрбөлөңгө жол бербөө боюнча Нарын шаардык мэриясы, укук коргоо органдары жана тиешелүү мекемелер менен биргеликте иш жүргүзүшсүн.
  6. Нарын шаарынын борбордук базарына сырттан келген жана ички таксилерди жөнгө салуу үчүн атайын унаалар токтой турган жайларды уюштуруу, жол кесилиштерине жана жол боюна токтоого тыюу салуу, жөө адамдардын жана автоунаалардын каттамдарын ыңгайлаштыруу, өрт коопсуздугун алдын алуу чараларын көрүү Нарын шаардык мэриясына, шаардык ички иштер бөлүмүнө, облустук, шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо бөлүмдөрүнө, шаардык калкка кызмат көрсөтүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
  7. Борбордук базарды ирээтке келтирүү боюнча атайын комиссия иш алып барып, аткарылган иштер боюнча 2020-жылдын 6-апрелине чеийн маалымат берүү жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
  8. Нарын шаарынын борбордук базарын ирээтке келтирүү, базардын ичи-сыртында тазалыкты сактоо менен базардын айланасындагы көчөлөрдүн жээктеринде азык-түлүк, буюм-тайым саткан көчө соодасына тыюу салуу боюнча тиешелүү мекемелер менен бирдикте иш жүргүзүү жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
  9. Токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына жана тиешелүү шаардык, облустук мекеме, ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                         Ж. Ботоканов

                                                                                                                 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, тиешелүү мекеме ишканаларга.

Добавить комментарий