НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ ХXХII СЕССИЯСЫНЫН №3 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКСИЗ ХXХII СЕССИЯСЫНЫН

3  ТОКТОМУ

19-март   2020-жыл                                                                                                                                                                               Нарын шаары

 

Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо долбоорунун алкагында түзүлгөн макулдашууларга жана  келишимдерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө

          Нарын шаардык мэриясынын 2020-жылдагы 29-январындагы №20-б буйругунун негизинде Нарын суу канал ишканасынын финансылык жана жалпы ишмердүүлүгүн карап чыгуу үчүн түзүлгөн мекеме, ишканалар аралык жумушчу комиссиясынын изилдөөсүнүн жыйынтыгында “Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо долбоорунун” алкагында түзүлгөн макулдашууларда жана келишимдерде аныкталган айрым кемчиликтер боюнча Нарын шаарынын мэриинин жана жумушчу комиссиясынын сунушун талкуулаган “Муниципалдык менчик жер, турак-жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” жана “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун чечимине ылайык шаардык Кеңештин сессиясы токтом кылат:

  1. Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аркылуу “Нарын шаарын таза суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо” долбоорунун биринчи фазасынын алкагында бүткөрүлгөн иштер боюнча Нарын шаарынын мэриясынын жана жумушчу комиссиясынын сессияда берген маалыматы эске алынсын.
  2. “Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо долбоорунун” алкагында түзүлгөн макулдашууларга жана келишимдерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө макулдук берилсин.
  3. Нарын шаардык суу-канал ишканасына Швейцария Өкмөтүнөн (SECO)  долбоордун жүрүшүндө сатылып алынган жалпы техникаларды, таза суу жана канализация системаларын, жаңы курулган кыймылсыз мүлкттөрдү (имарат ж.б.) муниципалдык менчике кабыл алууну жана Кыргыз Республикасынын каржы министрлигине күрөгө коюп берүү иштерин тез арада бүткөрүү  Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык калкка кызмат көрсөтүү жана муниципалдык менчикти башкаруу  боюнча муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
  4. Нарын шаардык мэриясы жана түзүлгөн жумушчу комиссиясы Нарын суу-канал ишканасындагы аткарылган иштердин жыйынтыгы менен тиешелүү туруктуу комиссияларда талкуулоо менен Нарын шаардык Кеңешинин сессиясынын кароосуна сунушталсын.
  5. Токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына жана түзүлгөн мекеме, аралык жумушчу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына,  шаардык мэрияга, суу канал ишканасына.

Добавить комментарий