НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХХIV СЕССИЯСЫНЫН №7 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  

КЕЗЕКТЕГИ ХХХIV СЕССИЯСЫНЫН  

 № 7  ТОКТОМУ 

6-ноябрь 2020-жыл                                                                                                                                                                                Нарын шаары

 

Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы ХХХII сессиясынын  3-токтомунун 4-пунктунун аткарылышы жөнүндө

               Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык, Нарын шаарынын 1-вице-мэри Д.Курмановдун токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык мэриясы жана Нарын суу канал ишканасынын финансылык жана жалпы ишмердүүлүгүн карап чыгуу үчүн түзүлгөн мекеме, ишканалар аралык жумушчу комиссиясы тарабынан Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы ХХХII сессиясынын 3-токтомунун 4-пункту аткарылбагандыгы белгиленсин жана токтом толугу менен аткарууга алынсын.
  2. Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы ХХХII сессиясынын 3-токтомунун 4-пунктун аткарбаган жетекчилердин, кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо жагы Нарын шаарынын мэрине тапшырылсын жана маалымат берсин.
  3. Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын карамагында турган айрым автоунааларды ишкананын эсебинен чыгыштоо жана сатуу иштерин тез арада бүткөрүү Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” жана муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү ишканаларына тапшырылсын.
  4. Токтомдун аткарылышы “Бюджет,    финансы    жана   экономика, ишкердүүлүк, инвестиция  боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                         Ж. Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, Таза-Нарын, суу-канал ишканаларына, жумушчу комиссияга.

 

 

 

                                      

Добавить комментарий