НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХXXIV СЕССИЯСЫНЫН
№ 8 ТОКТОМУ
6-ноябрь 2020-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык суу-канал ишканасынын пайдалануусундагы техникаларды, курулган кыймылсыз мүлктөрдү (имарат), таза суу жана канализация тутумдарын Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдардын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин негизинде, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин жана Нарын шаардык мэриясынын 2016-жылдын 23-декабрындагы №19-05,71 субкредиттик келишимдин 3-статьясынын 3.10 пунктуна ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын суу-канал ишканасына Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕӨРБ) аркылуу «Нарын шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорунун негизинде алынган жабдууларды, курулган кыймылсыз мүлктөрдү, таза суу жана канализация тутумдарын Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышы боюнча иш алып баруу жагы Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына жана Нарын суу-канал ишканасына тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнүтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, суу-канал ишканасына, ММИге.