НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХXXVII СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
10-март 2021-жыл Нарын шаары
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, маркум Самакова Айчүрөк Сыдыковнага мемориалдык такта орнотууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарынын, “Нарын шаарынын көчөлөрүнө, парктарына (сквер), мекеме ишканаларына, окуу жайларына ат берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде, Нарын шаардык мэриясынын, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн, Нарын шаарындагы №2 В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын эмгек жамаатынын кайрылууларын эске алып, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, маркум Самакова Айчүрөк Сыдыковнанын элесине арнап Нарын шаарындагы №2 В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын сыртына мемориалдык такта орнотууга макулдук берилсин.
- Мемориалдык тактаны жазатып, орнотуу жагы А.Самакованын үй-бүлөөсүнө тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, билим берүү бөлүмүнө, А.Самакованын үй-бүлөсүнө, №2 мектеп-гимназиясына.