НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ Х СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН  IV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ               Х СЕССИЯСЫНЫН

№ 1  ТОКТОМУ

  24 — май 2017-жыл                                                                                                               Нарын шаары

 

Нарын шаардык Кеңешинин 28-апрель 2017-жылдагы  IV чакырылыштагы VIII  сессиясынын №4 токтомуна өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндө

            Нарын шаардык Кеңешинин 28-апрель 2017-жылдагы  IV чакырылыштагы VIII  сессиясынын №4 токтому менен Нарын шаардык муниципалдык ишканасы түзүлгөн. Нарын шаардык мэриясынын 12.05.2017-жылдагы №155-б буйругунун негизинде Нарын шаардык муниципалдык ишканасын Нарын облустук юстицияция  башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы тапшырылган. Юстиция башкармалыгы шаардык мэрияга “Нарын шаардык муниципалдык менчик ишканасы” аттуу мекеме мурда каттоодон өтүп, тактап айтканда юстиция башкармалыгынын каттоосунда болгондугун билдирген. Нарын шаардык мэриясы шаардык Кеңешке  23.05.2017-жылы №03\930 чыгыш каты менен  “Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу  жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча  муниципалдык ишканасы” деп  жана ушул эле токтомдун 1 пунктун “Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесин Нарын шаардык муниципалдык “Таза- Нарын” ишканасына кошууга макулдук берилсин” деген сөздөр менен толуктоону, ушул токтомдун 3-пунктундагы “Нарын шаардык мэриясынын берген сунушуна ылайык Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын штаттык бирдиги  тиркемеге ылайык бекитилсин жана штаттык бирдикке ылайык кызматкерлерди бошотуу, которуштуруу иштерин уюштуруу мыйзам чегинде жүргүзүлсүн” деген сөздөр менен толуктап,  токтомго  өзгөртүү, толуктоо киргизип берүү боюнча сунуш кат менен кайрылган.

Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин 28-апрель 2017-жылдагы  IV чакырылыштагы VIII  сессиясынын №4 токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри Н.Молдокадыровдун билдирүүсун угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы

                                                           ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаардык Кеңешинин 28-апрель 2017-жылдагы IV чакырылыштагы VIII  сессиясынын №4 токтомунун төмөнкү пункттарына өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин.
  • 1-пунктундагы Нарын жашылдандыруу мекемеси жоюлуп, анын функциялары Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасына өткөрүлүп берилсин жана    Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасы деп түзүүгө макулдук берилсин” -деген сүйлөм  толугу менен алынып салынып,   “Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесин кошуу жолу менен “ Нарын шаардык Таза-Нарын” ишкансасын  кайра түзүүгө макулдук берилсин”—  деген  сүйлөм менен алмаштырылсын.
  • 3-пунктундагы “Нарын шаардык мэриясынын берген сунушуна ылайык Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын штаттык бирдиги тиркемеге ылайык бекитилсин” — деген сөздөрдөн   кийин “жана  штаттык бирдикке ылайык  кызматкерлерди бошотуу, которуштуруу иштерин уюштуруу мыйзам чегинде жүргүзүлсүн” —деген сөздөр менен толукталсын .
  • 4-пунктундагы Нарын шаардык муниципалдык менчик департаменти жоюлуп, чарбалык эсептеги”-деген сөздөрдөн кийинки “Нарын шаардык муниципалдык менчик ишканасы” –деген сөздөр алынып салынып, “Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу  жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча  муниципалдык ишканасы”- деген сөздөр менен толукталсын.
  • 5-пунктундагы “Чарбалык эсептеги Нарын шаардык муниципалдык менчик   ишканасынын  жаңы Жобосу бекитилсин”— деген сүйлөм толугу менен алынып салынып , “ Чарбалык эсептеги Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу  жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча  муниципалдык ишканасынын Жобосу бекитилсин ”-деген сүйлөм менен алмаштырылсын. (тиркеме тиркелет)
  • 6-пунктундагы “Нарын шаардык мэриясынын берген сунушуна ылайык чарбалык  эсептеги Нарын шаардык муниципалдык  менчик ишканасынын штаттык бирдиги тиркемеге ылайык бекитилсин”-деген сүйлөм  толугу менен алынып салынып,  “Чарбалык эсептеги Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу  жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча  муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги  тиркемеге ылайык бекитилсин”- деген  сүйлөм менен алмаштырылсын. (тиркеме тиркелет)
  1. Ушул токтом менен Нарын шаардык Кеңешинин 28-апрель 2017-жылдагы  IV чакырылыштагы VIII  сессиясынын №4 токтомуна киргизилип жаткан өзгөртүү жана толуктоолор боюнча  Мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

Төрага                                                                                                            Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу  жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча  муниципалдык ишканасына, Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасына

 

 

Добавить комментарий