НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ Х СЕССИЯСЫНЫН
№ 2 ТОКТОМУ
24- май 2017-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык Кеңешинин 1-февраль 2017-жылдагы IV чакырылыштагы III сессиясынын №3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Нарын шаардык мэриясы Нарын шаардык Кеңешинин 1-февраль 2017-жылдагы IV чакырылыштагы III сессиясынын №3 токтому менен бекитилген “Курулуш куруу жана жер пайдалануу” комиссиясынын курамына кирген шаардык мекемелер оптималдашып, мекеменин аталыштары өзгөрүп жаткандыгына байланыныштуу өзгөртүү киргизип, комиссиянын сандык курамына “Юр-Альянс” ЖЧКсынан 1 өкүл жана Нарын шаардык мэриясынын 1 башкы адисин кошуп, 15 адам кылып бекитип берүү сунушу менен кайрылган.
Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
«Курулуш куруу жана жер пайдалануу» комиссиясынын Жобосуна жана Нарын шаардык мэриясынын берген сунушуна ылайык, Нарын шаарындагы жер тилкелерине укуктарды берүүдө , жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун жана муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын 15 адамдан турган сандык курамы бекитилсин. (курамы тиркелет).
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга;