НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XIV СЕССИЯСЫНЫН № 8 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XIV СЕССИЯСЫНЫН

№ 8  ТОКТОМУ

7-март 2018-жыл                                                                                                                                                        Нарын шаары

Нарын шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 26-январындагы  IV чакырылыштагы кезектеги XIII  сессиясынын  №3 токтомунун 3-тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

2018-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Нарын облустук бөлүмү тарабынан, Нарын шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 26-январындагы IV чакырылыштагы кезектеги XIII сессиясынын  “Нарын  шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу жана ыплас сууларды кабыл алуудагы кызмат акы тарифине жана калкка  кызмат көрсөтүүдөгү таштандыларга төлөнүүчү тарифине макулдук берүү жөнүндө” №3 токтомунун “Калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын маалым катка тарифин көтөрүү боюнча” сунушталган 3-тиркемеси, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келе тургандыгы боюнча көрсөтмөсү берилген.

Көрсөтмөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралында “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” №80 токтому менен бекитилген “КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестринде”, шаардык Кеңештин 2018-жылдын 26-январындагы №3 токтомунун 3-тиркемесиндеги төрт түрлүү маалым каттар акысыз бериле тургандыгы көрсөтүлүп, аталган токтомдун тиркемесине өзгөртүү киргизүү жагы сунушталган.

Күн тартибиндеги маселени депутаттар угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы, токтом кылат:

  1.  Нарын шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 26-январындагы IV чакырылыштагы кезектеги XIII сессиясынын №3 токтомунун 3-тиркемесиндеги “Ф-1 — үй бүлө тууралуу”, “Ф-2 – жашаганы тууралуу”, “Ф-3-мал тууралуу”, “Ф-4-иштегендиги тууралуу” маалым каттарды акысыз берүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилсин.
  2.  Калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын акысыз берилүүчү жана акы төлөнүүчү маалым каттары боюнча тиркеме өзгөртүүсү менен бекитилсин (тиркеме тиркелет).
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                                Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, муниципалитетке, КРӨ караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Нарын облустук бөлүмүнө, юстиция башкармалыгына.

                                                                                                                                                                                                     Тиркеме

Калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын

акысыз берилүүчү жана акы төлөнүүчү маалым каттары боюнча маалымат

 

 

Маалымат кат

 

Сан өлчөмү

2012-жыл Тариф боюнча айына алынуучу акы (сом) 2018-жыл КРӨ 5.02.2018-ж. №80 токтомуна ылайык
  1.       Беш түрлүү маалым кат
1 Форма 1 үй бүлө тууралуу Даанасы 5 акысыз
2 Форма 2 жашайт тууралуу Даанасы 5 акысыз
3 Форма 3 мал тууралуу Даанасы 5 акысыз
4 Форма 4 иштегендиги тууралуу Даанасы 5 акысыз
5 Форма 5  Өлгөндүгү тууралуу Даанасы 0 акысыз
         
  2.       Бланкага печать басуу
 

 Маалымат кат

 

 Сан өлчөмү

2012-жыл Тариф боюнча айына алынуучу акы (сом) 2018-жыл Тариф боюнча айына алынуучу акы (сом)
1 Бланка ар кандай Даанасы 0 5
         

 

 

 

Добавить комментарий