НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ I I I СЕССИЯСЫНЫН
№ 2 ТОКТОМУ
1-февраль 2017-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык Кеңешинин 2017-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу » жөнүндөгү Мыйзамдарына жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин 2017-жылга иш планын бекитүү боюнча Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Нарын шаардык Кеңешинин жылдык иш планы бекитилсин (иш план тиркелет).
- Иш пландын аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Абдыкеримовго тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияларга