НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХXХVI СЕССИЯСЫНЫН
№ 12 ТОКТОМУ
14-июнь 2024-жыл Нарын шаары
Кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө
2023-жылдын 29-сентябрындагы №ПНТ89-6588 каттоо номери менен Нарын шаары Самансур — Ата №17а дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлктү бөлүп сатып алуу жана сатуу келишиминин 5.1 бөлүгүндө сатып алган кыймылсыз мүлккө тете кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуга боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонду менен Нарын шаардык мэриясынын ортосунда келишим түзүлгөн. Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндо” Мыйзамын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун чечиминин негизинде Нарын шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Түзүлгөн келишимдин негизинде төмөндөгү имараттарды күрөөгө коюуга макулдук берилсин:
- Нарын шаары Ж.Турдубаев №39 дарегинде жайгашкан идентификациялык номери 402-0001-1271 “Таза-Нарын” муниципиалдык ишканасынын имаратын;
- Нарын шаары Ленин көчөсү №64 дарегинде жайгашкан идентификациялык номери 405-02-0001-0690 Муниципиалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү ишканасынын имаратын;
- Нарын шаары Ж.Турдубаев №37 б дарегинде жайгашкан идентификациялык номери 405-02-0001-1272 Ж.Шералиев атындагы баладр-искусство мектебинин эски имаратын;
- Нарын шаары Ш.Мамбетов дарегинде жайгашкан идентификациялык номери 405-02-0001-0264 “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын имараттарын Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине күрөөгө коюга макулдук берилсин.
- Күрөөгө коюу боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, юстиция башкармалыгына;