НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХIV СЕССИЯСЫНЫН 4 ТОКТОМУ

 НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

 КЕЗЕКТЕГИ ХХIV СЕССИЯСЫНЫН

4 ТОКТОМУ

29-август 2023-жыл                                                                                                                                                                               Нарын шаары

 

Нарын шаардык мэриясынын алдындагы Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиясынын Жобосун жана курамын бекитүү  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы №35 токтому менен Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү  жобосуна, Кыргыз Республикасыныи Укук бузуулар жөнүндө Кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасыньш мыйзамдарына, Нарын шаардык Кеңешинин регламентине  ылайык жана Нарын шаардык мэриясынын 2023-жылдын 12-июлундагы № 01-17/2355 катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык мэриясынын алдындагы Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиясынын Жобосу жана комиссиясынын курамы 1-2- тиркемелерге ылайык бекитилсин (тиркемелер тиркелет).
  2. Укук бузуулар боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы өз ишмердүүлүүгүн Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарына жана башка ченемдик укуктук актыларына  ылайык иш жүргүзүү жагы белгиленсин.
  3. Бекитилген Жобосунун негизинде иш алып баруу жагы Нарын шаардык мэриясына, түзүлгөн комиссясынын курамына жүктөлсүн жана аткарууга алсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазага, шаардык мэрияга,  “Укук бузуулар жөнүндө” иштерди караган комиссиясына, Нарын облусунун юстиция башкармалыгына;

 

 

1-тиркеме

Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө

 ЖОБО

1.Жалпы жоболор

  1. Бул Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган  комиссиялар жөнүндө  жобо (мындар ары-Жобо) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.

-Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Нарын шаардык мэриясынын комиссиясы (мындан аары Комиссия) түзүүнүн жана ишинин тартибин аныктайт.

  1. Бул Жобо укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын түзүүнүн жана ишинин тартибин, анын ичинде алар тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун жана укук бузган жеке жана юридикалык жактарды жоопкерчиликке тартуунун тартибин жөнгө салат.
  2. Укук бузуулар жөнүндө комиссия (мындан ары-Комиссия) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча туруктуу коллегиялдуу орган болуп саналат.
  3. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

 

2.Комиссиянын ыйгарым укуктары жана милдеттери

  1. Комиссиянын негизги ыйгарым укуктары болуп төмөнкүлөр саналат:

         -Ар бир иштин жагдайларын өз убагында, ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктайт, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечүү;

         -Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө, ошондой эле укук бузууларды жасоого шарт түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоо.

  1. Комиссия укук бузуу боюнча иштерди жана укук бузуулар үчүн Кыргыз Республикасынын кодексинде каралган жаза чараларын карайт.
  2. Комиссия процессуалдык далилдер менен өз алдынча чечим кабыл алат. Комиссия кабыл алган чечимди Нарын шаарынын аймагындагы менчиктин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар аткарууга тийиш.

3.Комиссия түзүүнүн тартиби

  1. Комиссия Нарын  шаарынын  мэриясынын алдында түзүлөт.
  2. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана жеке курамы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары учүн — жергиликтүү Кеңештин чечими менен бекитилет.
  3. Комиссиянын ыйгарым укуктары, Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда ыйгарым укуктуу орган жергиликтүү кеңеш тарабына токтотулушу мүмкүн.

4.Комиссия курамынын кызматтык милдеттери

  1. Комиссиянын ишин комиссиянын төрагасы, төраганын орун басары уюштуpaт.
  2. Комиссиянын төрагасы:

         — Комиссиянын ишин пландаштырат, уюштурат жана башкарат;

         — Комиссиянын жыйналышынын күнүн, убактысын дайындайт;

         — Төpaгалык кылат жана Комиссиянын жыйналышынын күн тартибин бекитет;

         -Иш боюнча Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана Комиссиянын иши үчүн зарыл болгон актыларга жана документтерге кол койот;

         -Комиссиянын ыйгарым укуктарына тиешелүү маселелер боюнча тапшырмаларды берет;

         -Өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз иштейт жана мамлекеттик бийлик органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен мамилелерде анын таламдарын коргойт;

         -Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына жана ушул жобого ылайык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

         -Комиссиянын төрагасы жүйөлүү себептер менен жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын төрагасынын орун басары алып барат.

  1. Комиссиянын төрагасынын орун басары:

         -Комиссиянын жыйналыштарын өткөрөт жана кароо үчүн укук бузуулар боюнча материалдарды (иштерди) алдын ала даярдоону уюштурат;

         -Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

         -Комиссиянын төрагасы жүйөлүү себептер менен  жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.

  1. Комиссиянын катчысы:

         -Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген талаптарга ылайык укук бузуулар боюнча Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун  долбоорлорун даярдоону уюштурат;

         -Комиссиянын мүчөлөрүнө жана иштер боюнча өндүрүшкө  катышкан адамдарга иштерди кароонун  убактысы жана орду жөнүндө билдирет, аларды укук бузуулар боюнча каралуучу маселелер менен тааныштырат;

         -Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзөт жана белгиленген тартипте тариздейт жана кол коет;

         -Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөйт:

         -Комиссиянын токтомдорунун  көчүрмөлөрүн  тиешелүү жактарга  белгиленген мөөнөттө жеткирүүнү же жөнөтүүнү камсыз кылат:

         -Айып пул түрүндө өндүрүлгөн акча каражаттардын түшүүсүн көзөмөлдөйт;

         -Комиссиянын ишинин чөйрөсүндө статистикалык отчеттуулукту жана маалымат иштерин жүргүзөт;

         -Иш кагаздарын жүргүзүүнү жана Комиссияда каралган иштердин сакталуусун камсыз кылат;

         -Өз ишин Комиссиянын төрагасынын жетекчилиги астында жүзөгө ашырат;

         -Өз ишин Кодекске, ушул жобого жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык аткарат:

         -Комиссиянын ишине тиешелүү маалыматтык иштерди жүргүзөт;

         -Комиссиянын катчысы жүйөлүү себептер   менен жок болгон учурда анын милдеттерин   Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарат;

         -Комиссиянын төрагасы, төрагасынын орун басары, мүчөлөрү  жана катчысы укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга төмөнкү учурларда укуксуз, эгерде алар:

  1. укук бузуу үчүн жоопко тартылган адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, жактоочунун, өкүлдүн, адвокаттын, ошондой эле күбөнүн, эксперттин, адистин, котормочунун туугандары болсо.
  2. укук бузуулар жөнүндө иштин чечилишине жеке, түздөн-түз же кыйыр түрдө кызыктар болсо.

5 Комиссиянын иштөө тартиби

  1. Отурумдар Комиссиянын ишинин негизги тартиби болуп саналат. Комиссиянын жыйындары зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Комиссиянын жыйналыштарынын мезгилдүүлүгү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзамда белгиленген мөөнөтөрүнүн сакталышын камсыз кылууга тийиш.
  2. Комиссиянын жыйналышына, эгерде ага комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышса ыйгарым укуктуу болуп эсептелет.
  3. Комиссиянын жыйналышы Нарын шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрүнүн, укук бузуу боюнча каралган материалдарга тиешеси бар адамдардын катышуусунда ачык өткөрүлөт.
  4. Эгерде комиссиянын төрагасы же орун басары жок болуп калган учурда катышкан комиссиянын мүчөлөрүнүн тандоосу менен комиссия мүчөлөрүнүн бири жыйналышты өткөрөт.
  5. Комиссия тарабынан укук бузуулар боюнча ишти кароого даярдоонун алкагында төмөнкү маселелер каралат:

         -Бул ишти кароо анын компетенциясына кирер-кирбесин;

         -Иштин Комиссияда кароо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жагдайлар барбы;

         -Укук бузуу боюнча протокол туура түзүлгөнбү, иштин материалдары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык түзүлгөнбү;

         -Иш боюнча кароо  үчүн  жетиштүү материалдар барбы-жокпу?

         -Баш тартуу, өтүнүч барбы?

  1. Комиссия Укук бузуу боюнча ишти кароодо төмөнкүдөй чечим кабыл алат:

         -Ишке кызыгы бар тараптарды чакыруу, иш боюнча зарыл болгон кошумча материалдарды суроо, экспертиза дайындоо жөнүндө;

         -Ишти кароону  кийинкиге калтыруу;

         -Ишти кароодо  укук бузуулар боюнча туура эмес, толук эмес толтурулган протокол, же ыйгарым укуктуу кызматкер тарабынан түзүлбөгөн протоколду кайтаруу;

         -Эгерде бул ишти кароо анын компетенциясына кирбесе, укук бузуу боюнча толтурулган протоколду үч жумушчу күндүн ичинде кароого берүү жөнүндө;

         -Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 508-беренесинде каралган жагдайлар болгон учурда ишти токтотот.

         Аныктама КР Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 533-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-6-пунктарында каралган чечимдер аныктама түрүндө чыгарылат. Ушул берененин 1- бөлүгүнүн 7 жана 8-пункттарында каралган чечим токтом түрүндө чыгарылат.

  1. Укук бузуулар боюнча ишти кароодо Комиссиянын төрагасы:

         -Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин беренелеринин негизинде ким жоопкерчиликке тартылып жатканын, ишти ким карап жатканын, кандай иш каралууга тийиш экендигин жарыялайт;

         -Протокол түзүлбөгөн учурларды кошпогондо, жоокерчиликке тартылган жеке же юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлүнүн, ошондой эле ишти кароого катышкан башка адамдардын катышуусун күбөлөндүрөт;

         -Жыйынга катышкан жеке жана юридикалык жактардын, мыйзамдуу өкүлдөрдүн ыйгарым укугун, ким экендигин тастыктаган документтерин текшерет;

         -Жыйынга чакырылгандардын келбей калгандардын себебин аныктайт жана ишти алар жокто кароо же кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө чечим чыгарат;

         -Ишке катышкан жеке жана юридикалык жактарга укук, милдеттерин түшүндүрөт;

         -Баш тартуу жана өтүнүч арыздарын кабыл алат:

         -Укук бузуу боюнча чечимди ал эми зарыл болгон учурда иштин материалдарын жарыялайт;

         -Комиссиянын жыйынында өзүнө карата өндүрүш жүргүзүлүп жаткан жеке жана юридикалык жактын түшүндүрмөлөрү, укук бузуулары жөнүндө өндүрүшкө катышкан башка адамдардын көрсөтмөлөрү, адистин түшүндүрмөлөрү жана эксперттин кортундусу угулат, далилдер каралат.

  1. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 568-беренесинин негизинде укук бузуу үчүн айып пулду мыйзамда белгиленген мөөнөттө ыктыярдуу тартипте төлөбөгөн жана анын эң көп өлчөмүнө жеткен учурда ыйгарым укуктуу орган (өндүрүп алуучу) туумду кошуп эсептөө жөнүндө токтом чыгарат жана мыйзамдар менен каралган тартипте мажбурлап аткартуу үчүн айып пул салуу жана туумдарды кошуп эсептөө жөнүндө өз токтомун сот аткаруучусуна жөнөтөт.
  2. Укук бузуу боюнча ишти кароодо Комиссия төмөнкүлөргө милдеттүү:

         -Укук бузууга жол берилгенби;

         -Укук бузуу боюнча протокол түзүлгөн жак күнөөлүбү;

         -Укук бузуу үчүн жеке жана юридикалык жактар жоопкерчилик тартабы же жокпу;

         -Жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлар барбы;

         -Материалдык зыян келтирилгенби;

         -Ишти туура чечүү үчүн маанилүү болгон башка жагдайлар барбы.

  1. Укук бузуулар боюнча каралып жаткан иштин чечимдери жыйынга катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

         -Добуш берүүдө Комиссиянын ар бир мүчөөсү бир добушка ээ. Добуш берүү ачык жүргүзүлөт. Сырттан добуш берүүгө жол берилбейт.

         -Комиссиянын катчысы чечимдерди кабыл  алууда добуш берүүгө укугу жок.

         -Эгерде добуш тең болгон учурда Комиссиянын төрагасынын, же төраганын орун басарынын чечими чечүүчү болуп саналат.

  1. 11. Укук бузуу боюнча ишти карап, Комиссия төмөнкүдөй чечим чыгарат:

         -Айып салуу жөнүндө;

         -Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө.

         -Укук бузуулар жөнүндө Кодексинде көрсөтүлгөн беренелер боюнча.

  1. Укук бузуу жөнүндө токтом төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

         -Чечимди чыгарган ыйгарым укуктуу органдын аталышы;

         -Ишти кароо датасы;

         -Өзүнө карата иш каралып  жаткан адам жөнүндө маалыматтар;

         -Ишти кароодо аныкталган жагдайлар жөнүндө билдирүү;

         -Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин бул укук бузуу үчүн жоопкерчиликти караган беренесин көрсөтүүсү;

         -Иш боюнча кабыл алынган чечим;

         -Токтомдун көчүрмөсүн алгандыгы тууралуу маалымдайт;

         -Укук бузуулар жөнүндө кабыл алынган чечимге комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү кол коет.

         Эгерде Укук бузуу жөнүндө чечимге карата даттанылбаса, даттануу мөөнөтү өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

  1. Кабыл алынган чечим ишти кароо аяктагандан кийин дароо жарыяланат. Чечимдин көчүрмөсү үч күндүн ичинде ал чыгарылган жакка, ошондой эле жабырлануучуга тапшырылат же почта жана башка байланыш каражаттары аркылуу көрсөтүлгөн дарек боюнча жөнөтүлөт.

         Токтомдун, чечимдин көчүрмөсү кол коюлуп тапшырылып, делого тиркелет.

  1. Укук бузуулар боюнча иштерди кароодо Комиссиянын жыйналышынын протоколу жүргүзүлөт, ал Комиссиянын катчысы тарабынан түзүлөт.
  2. Укук бузуулар боюнча ишти кароо боюнча комиссиянын жыйналышынын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

         -Комиссиянын жыйналышынын датасы жана орду;

         -Комиссиянын аталышы жана курамы;

         -Укук бузуулар боюнча каралуучу иштердин тизмеси;

         -Иштерди кароого катышкан адамдардын келгендиги жөнүндө, келбеген жактарды белгиленген тартипте кабарлоо жөнүндө маалымат (ар бир иш боюнча);

         -Баш тартуу өтүнүчтөр жана аларды кароонун жыйынтыгы ( ар бир иш боюнча);

         -Укук бузуулар боюнча ишти кароого катышкан адамдардын түшүндүрмөлөрү, өтүнүчтөрү жана корутундулары (ар бир иш боюнча);

  1.  16. Укук бузуу боюнча иштин протоколуна Комиссиянын төрагасы,  комиссиянын мүчөлөрү жана катчы кол коет.
  2. Укук бузуулар боюнча чечимдерди аткаруу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексининде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

6.Укук бузууларды каттоо

  1. Укук бузуу катталганда протокол түзүлөт. Протоколду карап  чыгуу Комиссияга жөнөтүлөт. Тиешелүү укук бузуулар жөнүндө протокол түзүү укугу Нарын шаарынын  мэриясы тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарына жүктөлөт.
  2. Протоколду түзүүнүн өзгөчө учурларын жана укук бузуу жөнүндө протокол түзүлбөгөн учурларда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 517, 519 жана 520-беренелерине ылайык жүргүзүлөт.

7 . Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү

  1. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Комиссиянын төрагасы жетекчилик кылат жана жоопкерчилик алат.
  2. Укук бузуулар боюнча жыйындын катышуучуларына бардык зарыл болгон документтерди жөнөтүүнү Комиссиянын катчысы ишке ашырат.
  3. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча билдирүүлөр ишти кароо күнү дайындалгандан кийин,  кийинки күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт. Жөнөтүлгөн билдирүү дарек ээсине жеткирилбеген учурда, Комиссиянын катчысы анын берилбей калган себептерин токтоосуз түрдө аныктоого, бул  жөнүндө Комиссиянын төрагасына билдирүүгө милдеттүү.
  4. Эгерде тартип бузуучуга карата айып пул салуу түрүндөгү жаза колдонуу жөнүндө Комиссиянын чечими кабыл алынса, катчы тартип бузуучуга токтомдун көчүрмөсүн, анда белгиленген үлгүдөгү ажыратуучу штрихти көрсөтүү менен банк эсептик счету менен берет.
  5. Комиссиянын катчысы укук бузуулар боюнча каралган ишке тиркелген бардык документтер келип түшкөн тартипте иретке келтирет.
  6. Комиссия тарабынан каралган баардык документтер катталууга тийиш. Укук бузуу жөнүндө иштин  номери каттоо журналы боюнча иштин катар номери менен келип түшкөн күнү, айы, жылы менен жазылат.
  7. Укук бузуу боюнча протокол түзүүчү ыйгарым укуктуу органдар ай сайын Комиссия менен каралган иштер боюнча маалыматтарды салыштырууну жүргүзөт.
  8. Комиссия ай сайын шаардык казынага айып пулдан түшкөн акча каражаттарын салыштырып текшерип турат.
  9. Комиссия төмөнкүдөй журнал жүргүзөт:

         -Укук бузуулар жөнүндө  иштердин реестри;

         -Айып салынган адамдардын реестри;

         -Аларга карата укук бузуу жөнүндө иш козголгон  адамдарга жөнөтүлгөн билдирүүлөрдүн реестри.

         Журналдар номерленген, тигилген, мөөр басылган болуу керек. Реестрдеги бардык жазуулар ачык көк же кызгылт көк боёк менен жазылат.

         Журналдардын сактоо мөөнөтү 3 жыл, укук бузуулар боюнча иштерди сактоо мөөнөтү  5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин алар архивге өткөрүлүп берилет.

  1. Комиссия Кыргыз Республикасынын Укук бузуу жөнүндө Кодексине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бирдиктүү реестрине ылайык укук бузган жеке жана юридикадык жактарды каттоого алат жана кошумча укуктук жыйынтык чыгарат.

 

 

Жоопту катчы                                                                                                                                                                   А.Абдыкеримов

 

 

 

                                          2-тиркеме

 

Нарын шаардык мэриясынын алдындагы Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиясынын курамы

 

1          -Нарын шаардык мэринин биринчи орун басары  (комиссиянын төрагасы)

2          -Нарын шаардык мэриясынын бөлүм башчысы (комиссиянын төрагасынын орун басары)

3          -Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси  (комиссиянын катчысы)

4          -Нарын шаардык Кеңешинин депутаты (макулдашуу менен)

5          -Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жетекчиси

6          -Нарын шаардык  “Таза-Нарын” муниципалдык    ишканасынын директору

7          -Нарын шаардык суу канал ишканасынын жетекчиси.

8          -Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин кызмат боюнча орун басары.

9          -Мамлекеттик коррупцияга каршы жогорку элдик көзөмөл  коомдук  бирикмесинин Нарын облусу боюнча координатору.

 

 

Жоопту катчы                                                                                                                                                                    А.Абдыкеримов

 

Добавить комментарий