НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫНЫН № 10 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ   КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫНЫН

 № 10 ТОКТОМУ

 

27— февраль   2025-жыл                                                                                                                            Нарын шаары

 

Нарын шаарындагы троллейбустардын зым чубалгыларын жана түркүктөрүн алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, архитектура курулуш, транспорт боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечиминин негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги  сессиясы  токтом  кылат:

 

  1. Нарын шаарындагы троллейбустардын зым чубалгыларын жана түркүктөрүн алып салууга  макулдук берилсин.
  2. Нарын шаардык мэриясы тарабынан атайын комиссия түзүлсүн жана  троллейбустардын жез зым чубалгыларынын, түркүктөрүнүн, жана башка баардык тетиктеринин  эсептери так, толук алынып, Нарын шаардык Кеңешине маалымат берилсин.
  3. Нарын шаарынын мэринин Нарын шаардык Кеңешинин сессиясында жана тиешелүү туруктуу комиссиясынын отурумдарында берген убадасына жана депутаттар менен болгон макулдашууларына ылайык, Нарын шаарына акысыз, жаңы 10 (он)  автобус алып келүү боюнча иштер колго алынсын жана шаар мэри К.Тутуевдин түздөн-түз жоопкерчилиги деп белгиленсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                   Ж.Эсеналиев

 

 

 ____________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын  облустук юстиция башкармалыгына.

 

Добавить комментарий