НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫНЫН
№ 2 ТОКТОМУ
27 -февраль 2025-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын 2025-жылга жергиликтүү бюджети
жана 2026-2027- жылдарга болжолу жөнүндө
Нарын шаарынын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана 2026-2027-жылдардын болжолу жөнүндө «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга Республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдардын болжолу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодекси» жөнүндөгү» жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, бюджеттик мекеме-ишканалардын берген долбоорлорунун негизинде түзүлүп, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясында карап, талкуулап, сунуштарын эске алып, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1.Нарын шаарынын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер боюнча 270918,5 миң сом мунун ичинен салык жыйымдары 233260,5 миң сом жана салык эмес жыйымдары 37658,0 миң сом өлчөмүндө жана 2026-жылдын долбоору 295225,7 миң сомго, 2027-жылдын долбоору 325858,1 миң сомго бекитилсин.
(1-2- тиркемелер тиркелет)
2.Чыгашалар бөлүгү боюнча 270918, 5 миң сомго аныкталып, анын ичинен билим берүү тармагына 67020,0 миң сом, маданият жана спорт тармагына 20869,5 миң сом, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат тармагына 35936,0 миң сом, турак жай жана коммуналдык кызмат тармагына 112821,0 миң сом, социалдык жеңилдиктерге 1000,0 миң сом жана башка категорияга кирбеген экономикалык маселелерге 33272,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. (3- тиркеме тиркелет)
3.Нарын шаардык билим берүү тармагына келишим менен Нарын шаарындагы №4 “Наристе” бала бакчасына кошумча 5 (беш) штаттык бирдигине 1210,4 миң сом, №15 “Бактылуу-Балалык” бала бакчасына кошумча 1 (бир) штаттык бирдигине 360.1 миң сом, №16 “Ыйман” бала бакчасына кошумча 8 (сегиз) штаттык бирдигине 1810,8 миң сом жана №18 “Ак-Дил” бала бакчасына кошумча 1(бир) штаттык бирдигине 163,4 миң сом каралсын жана штаттык бирдиктерин бекитүү, келишим түзүү, көзөмөл жүргүзүү жагы Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө тапшырылсын.
4.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №433 токтомунун 4-пунктуна ылайык Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин техникалып тейлеп иштеген кызматкерлеринин эмгек акысына бекитилген штаттык бирдикке ылайык 25 пайызга чейин кошумча үстөк 2025-жылдын 8-январынан тартып кошулуп берилсин.
- Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жана Нарын шаардык жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин негизги эмгек акылары тиркемеге ылайык бекитилсин. (4- тиркеме тиркелет)
- Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын, Нарын шаардык жашылдандыруу муниципалдык ишканасына жана Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эмгек өргүүсүнө чыкканда дарылоо үчүн 1 (бир) айлык акы акча каражаты кошулуп берилсин.
- Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын оператор, бухгалтер-кассир, аймак башчылары жана аймак катчыларынын айлык акылары ишкананын атайын каражатынан чогулган акча каражаттын эсебинен бекитилген штаттык бирдикке ылайык төлөнүп берилсин.
- Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын аймак башчылары жана аймак катчыларынын жол киресине ишкананын атайын каражатынан чогулган акча каражаттын эсебинен 94,6 миң сом жана Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин жол киреси үчүн эмгек акы беренесине 50,0 миң сом кошулуп берилсин.
9.Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме ишканалардын штаттык бирдиктери жана чыгаша сметасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдоруна жана «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунушу менен мыйзамдарга ылайык бекитилсин.
10.Нарын шаардык мэриясына «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 24-беренесине ылайык жергиликтүү бюджеттин чыгашаларына 2500,0 миң сом резервдик фонду түзүлсүн.
11.Нарын шаарынын 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышына жана 2026-2027-жылдардын план-долбооруна катуу көзөмөлдүккө алуу жагы Нарын шаарынын мэрине жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага Ж.Эсеналиев
________________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Нарын шаардык мэрияга,туруктуу комиссияга, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына, шаардык салык кызматына, “Таза-Нарын” “Жашылдандыруу”, муниципалдык транспорт ишканасына, ММБКК муниципалдык ишканаларына, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө.