НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

 КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫНЫН

 

 № 3 ТОКТОМУ

 

27-февраль 2025-жыл                                                                                                                                        Нарын шаары

       Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен   акча каражатын

бөлүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жектекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш каттарынын  негизинде   Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы  токтом кылат:

1.Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин “Калдыктар” беренесинин эсебинен үлүштүк дем берүүчү гранттарды кош каржылоого өздүк салым    катары, 16 146 623   (он алты миллион жүз кырк алты миң алты жүз жыйырма үч) сом, электробустардын насыясын төлөөгө 3 000 000 (үч миллион) сом,      Самансур-Ата 17а  дарегиндеги жер аянтын сатып алууга түзүлгөн келишимдин    негизинде 2024-жылдын 4 кварталына жана 2025-жылга карата акча каражатын төлөөгө 2 000 020 (эки миллион жыйырма)  сом, электробустардын кредитин төлөөгө 1 830 000  (бир миллион сегиз жүз отуз миң) сом, жалпы 22 976 643 (жыйырма эки миллион тогуз жүз жетимиш  алты миң алты жүз кырк  үч ) сом өлчөмүндөгү акча каражаты, ал эми,  “Экономикалык чыгымдар” беренесинин эсебинен борбордук стадионду  реконструкциялоого долбоорлоого 2  289 000 миң (эки миллион эки жүз сексен тогуз миң) сом, «MSDSP» коомдук фонду тарабынан көпүрөлөрдү  реконструкциялоо үчүн проекттик-сметалык иш кагаздарды  даярдоого 400 000  (төрт жүз миң)  сом, Нарын шаардык  Аксакалдар Сотуна 100 000 миң (жүз миң) сом, депозит врачтардын жашаган үйлөрүнүн 2024-жылга карата калган  6 айлык  ижара акысына 216 000 (эки жүз он алты  миң) сом, ГИКтин техникалык көзөмөл жүргүзүүчүнүн эмгек акысына 720 000 миң (жети жүз  жыйырма миң) сом, №18 “Ак-Дил” балдар бакчасынын электр энергиясы боюнча карызынын  негизги суммасын төлөөгө (туумдан сырткары) соттун чечимин аткарууга алуу боюнча  96 017 (токсон алты миң он жети) сом, Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзуна мүчөлүк акысы 200 000 (эки жүз миң) сом, Нарын шаарындагы Московский, борбор, шаарча (городок), Ак-Коргон чөлкөмдөрүнө балдар ойноочу аянтча курууга   ар бирине 590 000 (беш жүз токсон миң) сомдон,   жалпы суммасы  2 360 000 (эки миллион үч жүз алтымыш миң) сом, Нарын шаары боюнча калктын аярлуу катмарындагы жарандарга жардам көрсөтүп, иштеген 7 (жети) социалдык кызматкерлеринин жол кирелерине 231 000 миң (эки жүз отуз бир миң)  сом, Нарын шаар куруу жана архитектура департаментинин Нарын регионалдык шаар куруу башкармалыгына  Нарын шаардык мэриясы тарабынан 2024-жыл ичинде берилген буйрутмалардын негизинде  жасалган долбоорлорго, топосьемкаларга  карызы үчүн 266 000  (эки жүз алтымыш алты миң) сом, жалпысы 6 878 017 (алты миллион сегиз жүз жетимиш сегиз миң он жети )  сом өлчөмүндөгү акча каражаты,  баардыгы 29 854 660 (жыйырма тогуз миллион сегиз жүз элүү төрт миң алты жүз алтымыш ) сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

2 . Бөлүнгөн акча каражатын камсыз кылуу жагы Нарын шаардык мэриясына жана КРнын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына жүктөлсүн.

 

3.Нарын шаардык мэриясынын буйругунун негизинде, бөлүнгөн акча каражатын каржылоо Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына тапшырылсын.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                        Ж.Эсеналиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Нарын регионалдык финансы башкармалыгына, шаардык мэрияга; юстиция башкармалыгына.

 

Добавить комментарий