НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫНЫН № 5 ТОКТОМУ

 

 

 НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫНЫН

 

№ 5 ТОКТОМУ

 

27-февраль 2025-жыл                                                                                                             Нарын шаары

 

Нарын шаарынын К.Шадыканов   көчөсү  №119 б дарегинде жайгашкан жеке менчик    жалпы аянты  1001,0  чарчы метр  жана Ленин көчөсү № 244 дарегиндеги 6509,67 чарчы метр жер тилкелеринин зоналарын   которууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, “Нарын шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелерин” жетекчиликке алып, Нарын шаарынын Ленин көчөсү №244 жана К.Шадыканов көчөсү №119 б үйүнүн жашоочуларынын арызынын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап,  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын К.Шадыканов көчөсү  №119 б дарегинде жайгашкан жеке менчик   жалпы аянты  1001,0  чарчы метр жер тилкесин П-1 өнөр жай жана өндүрүш (зона промышленных и производственных предприятий)  зонасынан Ж-2  калктуу конуш жерлер  ( зона индивидуальной усадебной жилой застройки)     зонасына ал эми,         Ленин көчөсү № 244  дарегиндеги 6509, 67 чарчы метр жер тилкесин  П-1 өнөр жай жана өндүрүш ишканаларынын зонасынан  (зона промышленных и производственных   предприятий)  Ж-3 турак жай куруу  (зона смешанной жилой застройки) зонасына которууга  макулдук берилсин.
  2. Ж-2, Ж-3 зоналарына которуудагы тиешелүү иш кагаздары боюнча  Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы  Нарын регионалдык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгына, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нарын шаардык мэриясына жана Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына тапшырылсын.

Төрага                                                                                                                                                                             Ж.Эсеналиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына, архитектурага, юстиция башкармалыгына, арыз ээсине;

Добавить комментарий