НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXXIV СЕССИЯСЫНЫН № 9 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХXXIV СЕССИЯСЫНЫН

№ 9  ТОКТОМУ

 

6-ноябрь 2020-жыл                                                                                                                                                                                Нарын шаары

          Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 38-беренесинин 3-бөлүмүнө, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 31-главасынын 1-2-бөлүмдөрүнө жана 29-главасынын 1-бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 31-октябрындагы №281 токтомунун 1-тиркемесине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Өз арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, «Ала-Тоо-Ынтымагы» фракциясынан депутат Калманбетова Анаркүл Кыдыковна, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары кызматынан депутаттардын макулдугу менен бошотулсун.
  2. Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басарлыгына Нарын шаардык Кеңешинин «Ала-Тоо-Ынтымагы» фракциясы тарабынан сунушталган депутат Чоробек кызы Айзат, ачык добуш берүү жолу менен сессияга катышкан депутаттардын 19 добушун алгандыгына байланыштуу, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп шайлансын.
  3. Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                         Ж.Ботоканов

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына.

Добавить комментарий