НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXVIII СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2026-жылдын 20- июлу № 6 Социалдык шаарча курууга жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  

                           КЕЗЕКТЕГИ ХXVIII СЕССИЯСЫНЫН                            

                                                                                                                    ТОКТОМУ

                                              

2026-жылдын   20- июлу  № 6

 

Социалдык шаарча курууга жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 44-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын    19- беренесин жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын алдындагы «Курулуш куруу жана жер пайдалануу» комиссиясынын протоколунун негизинде Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын Нарын шаардык Кеңешинин “Муниципалдык, менчик жер, курулуш, отун энергетикасы, архитектура,курулуш, транспорт боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарындагы социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарды турак жай менен камсыз кылуу максатында Нарын шаарынын М.Сыдыков чөлкөмүнүн кирпич завод аймагынан 1,0 (бир) га жер аянтына социалдык шаарча курууга макулдук берилсин.
  2. Жер аянтын берүүдөгү иш кагаздарынын мыйзамдуу бүткөрүү, белгиленген тартипте жүргүзүү жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
  4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

           

                                         Төрага                                                                                                     Ж.Эсеналиев

Добавить комментарий