НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХVIII СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2026-жылдын 20 -июлу №5 Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун Нарын аймактык бөлүмүнө жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХХVIII СЕССИЯСЫНЫН

   ТОКТОМУ

 

 2026-жылдын  20 -июлу №5                                                                                 

 

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун Нарын аймактык бөлүмүнө жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

 

  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары  жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесин, Кыргыз Республикасынын  «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын                      19-беренесин  жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын, Нарын шаардык Кеңешинин  «Муниципалдык, менчик жер, курулуш, архитектура, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда  карап, талкуулап, корутундусун угуп,  Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги   сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарындагы М.Сыдыков атындагы чөлкөмүнүн Кирпич-Завод аймагынан жалпы аянты 20 770,0 чарчы метрди, (2,077 га) түзгөн, идентификациялык коду            4-05-01-0002-0947 сандуу жер тилкесин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун Нарын аймактык бөлүмүнө мамлекеттик пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
  3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

  

                                           Төрага                                                                                                     Ж.Эсеналиев

 

Добавить комментарий