НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХVIII СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 20 -июлу № 8
Ижара акыны төлөөнү убактылуу токтотуп туруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесин, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19- жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын, Нарын шаардык Кеңешинин « Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, протоколунун чечимин эске алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Идентификациялык коду 4-05-02-0002-1789 сандуу мурдагы “Тулпар” комбинатына тиешелүү 7159,78 чарчы метр жер аянтына Тобокалова Сапарбүбү тарабынан төлөнүүчү ижара акы милдеттенмеси соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин убактылуу токтотуп турууга макулдук берилсин. Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча ишканасына тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаарынын мэриясына тапшырылсын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Ж.Эсеналиеив
