НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХXVIII СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 20 -июлу №10
Нарын облустук “Теңир -Тоо” өнүктүрүү фонду тарабынан көмөк чордонун сатып алуу боюнча долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Нарын шаарынын мэриясынын сунуш катын Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, корутундусун угуп, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын облустук “Теңир -Тоо” өнүктүрүү фонду тарабынан колдоого алынган, Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү жаңы транспорттук көпүрөнүн курулуш иштерин жүргүзүүдө колдонулуучу атайын техникалардын ширетүү жабдууларынын, курулуш механизмдеринин жана башка өндүрүштүк шаймандардын үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн (ГКТП-10/0,4кВ и ВЛ-10кВ Сип -3 проводом) көмөк чордонун сатып алуу боюнча долбоору бекитилип берилсин.
- Кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзамдын талаптарын аткаруу менен иш жүргүзүү жагы Нарын шаарынын мэриясына тапшырылсын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлдөнсүн.
Төрага Ж.Эсеналиев
