НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫНЫН № 5/1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

             XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXVI  СЕССИЯСЫНЫН         

№  5/1 ТОКТОМУ

10-декабрь   2015-жыл                                                                                                                     Нарын шаары

Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь  2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген  Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

 

Нарын шаарындагы Таалай көчөсү №119 дарегинде жайгашкан мурунку ЖБИнин короосунан  Р.Нуракунова 1122,3 чарчы метр, Б.Өмүралиев3266,7 чарчы метр, К.Адылов 1081,0 чарчы метр жер аянттарын сатып алышкан. Жер аянттарына Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан мамлекеттик акт алышкан. Шаар тургундары Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментине жогорудагы жер аянттарын турак жай зонасына которуп берүү боюнча кайрылышкан.

Нарын шаардык муниципалдык менчик департаменти  Нарын шаардык Кеңешине Р.Нуракунованын 1122,3 чарчы метр, Б.Өмүралиевдин  3266,7 чарчы метр, К.Адыловдун  1081,0 чарчы метр жер аянттарын турак жай зонасына которуп берүүгө  2015-жылдын 12-июунунда №03/382 сунуш каты менен кайрылган.

Сунуш кат шаардык Кеңештин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, арыз ээлери тарабынан шаардык архитектура башкармалыгынан жер аянттарын П-1 (зона промышленных и производственных предприятий ) зонасынан Ж-1 (зона индивидуальной  усадебной жилой застройки  ) зонасына   которууга карата №104,№109, №105 бүтумдөрү жана шаардык салык башкармалыгынан жеке менчик жер  ээлерине жер салыгы боюнча карызы жок деген маалыматтар берилген.

Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы

                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаарынын Таалай  көчөсү 119 дарегинде жайгашкан мурунку ЖБИнин короосунан  Р.Нуракуновага таандык 1122,3 чарчы метр, Б.Өмүралиевге таандык 3266,7 чарчы метр, К.Адыловго таандык 1081,0 чарчы метр жер аянттары Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн зоналарга өзгөртүүлөр киргизилип, аталган жер аянты П-1 (зона промышленных и производственных предприятий ) зонасынан Ж-2 (зона индивидуальной  усадебной жилой застройки ) зонасына   которууда сессияга катышкан депутаттардын 7си “Макул”, 14ү “Каршы”, ал эми 4өө “Калыс”  деп добуш бергендигине байланыштуу, тактап айтканда сессияга катышкан депутаттардын тиешелүү добушуна ээ болбогондуктан  Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин   Нарын шаардык Кеңешине жогорудагы жер аянттарын турак жай зонасына которуп берүүгө  2015-жылдын 12-июунундагы №03/382 сунуш каты   канаттандыруусуз калтырылсын .

 

Төрага                                                                                       Э.Турсуналиев

______________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, шаардык архитектура башкармалыгына, жерге жайгаштыруу башкармалыгына, салык башкармалыгына, арыз ээсине.

 

 

Добавить комментарий