НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVII СЕССИЯСЫНЫН № 5/2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН   XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ                               КЕЗЕКТЕГИ  XXVII  СЕССИЯСЫНЫН

    №  5/2  ТОКТОМУ

10-декабрь  2015-жыл                                                                                                                     Нарын шаары  

Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь  2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген  Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

Нарын шаардык Кеңешине “Терра Компани” ЖЧКнун аткаруучу директору М.Кочоров сунуш каты жана ушул коомдун  атайын ишеним катынын негизинде Г.Абдыкаров арыз менен “Терра Компани” ЖЧКна тиешелүү жер аянттарын тиешелүү зонага өзгөртүп берүү боюнча кайрылышкан. Нарын шаарынын калкын сапаттуу уюлдук байланыш менен камсыз кылуу максатында Нарын шаарынын 5 аймагына аталган коомдун уюлдук байланыш түйүнүн базалык станциясы орнотулган.  Уюлдук байланыш түйүнүн базалык станциялары Нарын шаардык Кеңешинин 2-июнь 2004-жылы кабыл алынган “Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесинде” ар кандай зоналарда жайгашкан. “Терра Компаниеси” бул жер аянттарын П-1 –өнөр жай жана өндүрүштүк ишканалар- уюлдук байланыш түйүнүн базалык станциясын орнотуу  (Зона промышленных и производстенных предприятий- антенна сотовой связи)  зонасына которуу Мыйзам талаптарына туура келээрин белгилөө менен, уюулдук байланыш түйүнүнө алынган жер аянттарына укук күбөлөндүрүүчү мамлекеттик актыга (гос акт)да жогорудагы зонаны көрсөтүү зарылчылыгы келип жаткандыгын билдиришкен.

  • Биринчи жер аянты Нарын шаарынын Таалай көчөсү н/ж 100,0 чарчы метр
  • Экинчи жер аянты Нарын шаарынын Төш Булак көчөсү н\ж 100,0 чарчы метр
  • Учүнчү жер аянты Нарын шаарынын Раззаков көчөсү н/ж 500 чарчы метр
  • Төртүнчү жер аянты Нарын шаарынын борбордук аймагынан  Тупик 1 май көчөсү н\ж 100

             чарчы метр                                

  • Бешинчи жер аянты Нарын шаарынын  Ленин көчөсү №176  100 чарчы метр

         Бул жер аянттарына  Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан “Терра Компаниесинин” наамына    мамлекеттик актылар алынган.  Бул жер аянтына уюлдук байланыш түйүнүн базалык станциясын орнотууда электромагниттик нурдун зыяндуулугу боюнча “ПрофиЛаб” ЖЧКнан  атайын текшерүүлүдөн өткөрүп, СанПиндин талаптарына жооп берет деген бүтүмүн берген. Мындан сырткары аталган   базалык станциясын орнотууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш куруу боюнча  аймактык өнүктүрүү Мамлекеттик Агенттигинин Нарын облустук башкармалыгынын, Нарын облусунун шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Нарын аймактык башкармалыгынын кортундулары берилген. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Нарын региондук башкармалыгынын  атайын буйругу  чыккан. Мындан сырткары уюлдук байланыш түйүнүн орноткон аймактын жашоочуларынын атайын макулдуктары берилген. Тиешелүү иш кагаздар Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралган.

 “Терра Компани” ЖЧКнун аткаруучу директору М.Кочоров Нарын шаардык Кеңешине жазган  сунуш катынын  жана ушул коомдун  атайын ишеним катынын негизинде кайрылган  Г.Абдыкаровдун  арызынын негизинде   “Терра Компани” ЖЧКна  тиешелүү уюлдук байланыш түйүнүн базалык станциясын орнотулган  жер аянттарын П-1 –Зона промышленных и производстенных предприятий- антенна сотовой связи зонасына которуу боюнча Нарын облустук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын адиси М.Жумабековдун жана “Терра Компани” ЖЧКнун өкүлү Г.Абдыкаровдун  билдирүүлөрүнүн негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                            ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь 2004-жылы кабыл алынган “Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесинде” ар кандай зоналарда жайгашкан “Терра Компани”ЖЧКнун  уюулдук байланыш түйүнүнүн базалык станциясын  орнотууга алган  жер аянттары төмөндөгүдөй  которулсун.
  • Биринчи жер аянты -Нарын шаарынын Таалай көчөсүндө жайгашкан ( н/ж) 100,0 чарчы метр жер аянты- Р-2 шаардык скверлер жана бульварлары (Зона городских скверов, бульваров) зонасынан- П-1  –өнөр жай жана өндүрүштүк ишканалар- уюлдук байланыш түйүнүнүн базалык станциясын орнотуу  (Зона промышленных и производстенных предприятий- антенна сотовой связи) зонасына  которулсун.
  • Экинчи жер аянты- Нарын шаарынын Төш Булак көчөсүндө жайгашкан ( н\ж) 100,0 чарчы метр жер аянты   Р-5 жараталышты сактоо ландшафтары ( зона сохраняемых природных ландшафтов) зонасынан П-1 –өнөр жай жана өндүрүштүк ишканалар- уюлдук байланыш түйүнүнүн базалык станциясын орнотуу  (Зона промышленных и производстенных предприятий- антенна сотовой связи) зонасына  которулсун.
  • Үчүнчү жер аянты -Нарын шаарынын Раззаков көчөсүндө жайгашкан (н/ж) 500 чарчы метр  жер аянты Ж -1-өзүнчө турак жай курууга, мал короосу менен зонасынан ( зона индивидуальной жилой застройки с содержанием скота)  зонасынан  П-1 –өнөр жай жана өндүрүштүк ишканалар- уюлдук байланыш түйүнүнүн базалык станциясын орнотуу  (Зона промышленных и производстенных предприятий- антенна сотовой связи) зонасына  которулсун.
  • Төртүнчү жер аянты — Нарын шаарынын борбордук аймагынан Тупик 1 май көчөсүндө жайгашкан (н\ж) 100 чарчы метр жер аянты  С-1  саламаттыкты сактоо обьектилери, билим берүү, илим, физкультура жана чоң жерлери менен спорт аянттары (обьекты здравоохранения, образования, науки, физкультуры и спорта с большими участками) зонасынан П-1  –өнөр жай жана өндүрүштүк ишканалар- уюлдук байланыш түйүнүнүн  базалык станциясын орнотуу  (Зона промышленных и производстенных предприятий- антенна сотовой связи) зонасына  которулсун.
  • Бешинчи жер аянты — Нарын шаарынын  Ленин көчөсү №176 дарегинде жайгашкан   100 чарчы метр жер аянты П-1  –өнөр жай жана өндүрүштүк ишканалар зонасында болгондугуна байланыштуу уюлдук байланыш түйүнүнүн  базалык станциясын орнотуу  деп кошумча киргизилсин.
  1. Нарын шаардык Кеңешинин 2-июнь 2004-жылы кабыл алынган “Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесинде” ар кандай зоналарда жайгашкан “Терра Компани” ЖЧКна уюулдук байланыш түйүнүнүн орнотууга алган  жогорудагы жер аянттарын П-1 –өнөр жай жана өндүрүштүк ишканалар- уюлдук байланыш түйүнүн базалык станциясын орнотуу зонасына которууда  (Зона промышленных и производстенных предприятий- антенна сотовой связи) Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн картага өзгөртүүлөрдү киргизүү Нарын шаардык  мэрясына, Нарын облустук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына, Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына тапшырылсын.
  2. Бул токтомдун аткаруу Нарын шаардык мэриясына милдеттендирилсин.

 

  Төрага                                                                                Э.Турсуналиев

 __________________________________________________________________

 Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, Нарын облустук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына, Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мълкк= укуктарды каттоо башкармалыгына,  “Терра Компани” ЖЧКна, шаардык салык башкармалыгына                                            

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий