НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXXII СЕССИЯСЫНЫН № 7 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ XXXII  СЕССИЯСЫНЫН

№  7  ТОКТОМУ

14-июнь  2016-жыл                                                                                                                                        Нарын шаары

Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин “Экономикалык чыгымдар” беренесинен акча-каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Нарын шаардык суу-канал ишканасыннын 5 жумушчусу 2016-жылдын 9-июнь күнү саат 16.00 чамасында канализациялык насостук станцияда авариялык иштерин жүргүзүп жаткан учурда, күтүүсүз техникалык  кырсыктан мекеменин слесарлары Өмүрзаков Алмаз Базаркулович 1987-жылы туулган, Абдылдаев Талантбек Абдыкасыевич 1986-жыл туулган, Дүйшөналиев Нурлан Дербишович 1975-жылы туулган, 3 адам каза болуп, слесарь Усупов Калыбек Ишенбаевич 1971-жылы туулган, мастер Самсалиев Жыргал Турдакунович 1985-жылы туулган, 2 адам кырсыктан жабыр тартышкан жана тез жардам менен  ооруканага жеткирилип, дарыланууда.

          Нарын шаардык мэриясы менен “MSDSP KG” коомдук фондусунун ортосундагы өз ара жетишилген макулдашууларга ылайык Нарын шаарынын  “Кыргыз-Араб элдеринин Достук” (РТС) чөлкөмүнө “Ак-Дил” бала-бакчасынын жаңы имаратынын курулушу 2015-жылдын октябрь айында башталган.  Бала-бакчанын жаңы имаратынын курулушун курууну тендерден 7300,0 миң сомго ОсОО “Аргын курулуш” мекемеси утуп алып, курулуш иштерин  жүргүзүүдө. Эки тараптын макулдашуусуна ылайык, аталган фонд бала-бакчанын  курулушуна 2 465 942 сом которуп берип, алган милдеттемесин толугу менен аткарган. Ал эми шаардык мэрия бала бакчанын курулушуна 4 614 058 сомун которуп берүү милдеттемесин алып, бүгүнкү күндө   2 200,0 миң сомун которуп берилген. Башкача айтканда шаардык мэрия тарабынан курулушту бүткөрүүгө  2 414 058 сом,  ал эми макулдук иш кагаздарын бүткөрүүгө жана техникалык жактан көзөмөлдөөгө 194,9 миң сом же жалпысынан 2 668 958 сом берилмекчи.

Бул маселелерди Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясынын күн тартибине киргизүү боюнча сунуш 2016-жылдын 10-июнунда “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция” боюнча туруктуу комиссиясында каралган.

Жогорудагылардын негизинде сессияга катышкан депутаттардын сунушун угуп, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы

                                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Нарын суу канал ишканасынын жумушчулары канализациялык насостук станцияда авариялык иштерди жүргүзүп жаткан учурда, күтүүсүз техникалык кырсыктан каза болгон Өмүрзаков Алмаз Базаркуловичтин, Абдылдаев Талантбек Абдыкасыевичтин, Дүйшөналиев Нурлан Дербишовичтин үй-бүлөөлөрүнүн ар бирине 50 (элүү) миң сомдон жана кырсыктан жабыр тарткан слесарь Усупов Калыбек Ишенбаевичке, мастер Самсалиев Жыргал Турдакуновичке дарылануусу үчүн ар бирине 10,0 (он миң) сомдон же  жалпысынан 170,0 (бир жүз жетимиш) миң сом жергиликтүү бюджеттин “Экономикалык чыгымдар” беренесинен жардам катары бөлүнүп берилсин.

  1. Нарын шаарындагы “Ак-Дил” бала бакчасынын жаңы имаратынын курулушун бүткөрүүгө 2 668 958 (эки миллион алты жүз алтымыш сегиз миң тогуз жүз элүү сегиз) сом жергиликтүү бюджеттин “Экономикалык чыгымдар” беренесинен бөлүнүп берилсин.
  2. Акча-каражатын чечип берүү жагы Нарын шаардык мэриясына жана Нарын шаардык финансы бөлүмүнө тапшырылсын.

Төрага                                                                                                          Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн: Иш кагазга, шаардык мэрияга, финансы бөлүмүнө, “Аргын курулуш” ЖЧКга

Добавить комментарий