НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХXVIII СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 20- июлу №1
Нарын шаарынын аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды төлөө жана эсептөөнү тапшыруу мөөнөттөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексине”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексинин 74-беренесине, жана 76-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы,экономика жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык Кеңешинин VI чакырылыштагы 2025-жылдын 28-апрелиндеги VIII сессиясынын №6 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
- Нарын шаарынын аймагында калктуу конуштардын таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын эсебин тапшыруу жана төлөө мөөнөтү ар жылдын 1-апрелине чейин жүргүзүлсүн.
- Кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзамдын талаптарын аткаруу менен иш жүргүзүү жагы салык кызматынын Нарын шаардык башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу Нарын регионалдык финансы башкармалыгына тапшырылсын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлдөнсүн.
Төрага Ж.Эсеналиев
