НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХXVIII СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 20- июлу № 4
«Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасына жер тилкесин өткөрүп берүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын V бөлүмүнүн 19-беренесин жетекчиликке алып, Нарын шаарынын шаарча аймагынан 760 чарчы метр, идентифакциялык коду: 4-05-03-0001-2033 сандуу болгон жер аянтын «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасына жер аянтын чечип берүү үчүн Нарын шаардык мэриясынын алдындагы “Курулуш куруу жана жер пайдалануу” комиссиясынын чечиминин негизинде Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, курулуш, архитектура, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун карап, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын шаарча аймагынан Ленин көчөсү 95/4 дарегиндеги 760 (жети жүз алтымыш) чарчы метр, идентифакциялык коду: 4-05-03-0001-2033 сандуу жер аянтын административдик имарат куруу үчүн «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, курулуш, архитектура, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Ж.Эсеналиев
