НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХXIХ СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 22 -сентябры №1
Спорттук борбор куруу үчүн жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча 2026-жылга карата иш-аракеттер планынын 539-пунктунда каралган олимпиадалык эмес, спорттун улуттук жана жаңы түрлөрүн өнүктүрүү багытын ишке ашыруу максатында Нарын шаарында спорттук борбор куруу үчүн Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 227-беренесин жетекчиликке алып, Нарын шаарынын мэриясынын сунуш катын Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер,турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура, курулуш, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, корутундусун угуп, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын Ак-Коргон көчөсү №3 дарегинде жайгашкан, жер тилкесинин идентификациялык коду 4-05-03-0002-2538 болгон, 0,85 сотых жер аянтын спорттук борбор куруу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзамдын талаптарын аткаруу менен иш жүргүзүү жагы Нарын шаарынын мэриясына тапшырылсын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышы “Муниципалдык, менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура, курулуш, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлдөнсүн.
Төрага Ж.Эсеналиев
