НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХI СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  

КЕЗЕКТЕГИ ХХI СЕССИЯСЫНЫН

№ 4 ТОКТОМУ 

 

26-февраль 2019-жыл                                                                                                                                                                            Нарын шаары

 

Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 32-беренесинин 2-бөлүмүнө, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 32-главасынын 6-бөлүмүнө ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык Кеңешинин 31-октябрь 2018-жылдагы IVчакырылыштагы XVIII сессиясынын №8-токтому менен бекитилген Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Депутаттык  иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиянын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
  • “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Д.И.Асанованын жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Т.Ө.Исаковдун депутаттык ыйгарым укуктары өз каалоолору менен мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу туруктуу комиссиянын курамынан чыгарылышсын;
  • КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын 31-октябрь 2018-жылдагы №4 чечимине ылайык “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан А.А. Өмүрканов жана КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын 18-декабрь 2018-жылдагы №5 чечимине ылайык “Кыргызстан” фракциясынан А.К.Бердикожоева депутаттык мандаттарын алгандыгына байланыштуу туруктуу комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нарын шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Абдыкеримовго тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

                                                             

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, фракцияларга, облустук юстиция башкармалыгына.

     

 

                                          Тиркеме

 

Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Депутаттык  иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиянын курамы

 

1  Бердикожоева Анара Кадыровна — «Кыргызстан» фракциясынан            

мүчөсү

2 Абдыкеримов Бакытбек Намазбекович-« КСДП»  фракциясынан  

мүчөсү

3 Чоробек кызы Айзат-«Ала-Тоо ынтымагы» фракциясынан  

мүчөсү

 

4

Жолдошев Алмаз Жамгырбаевич -« Республика Ата-Журт» фракциясынан  

мүчөсү

5  Өмүракунов Азамат Аскарбекович Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан       

мүчөсү

6 Сыдыгалиев Максат Кумарбекович -« КСДП » фракциясынан  

мүчөсү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий