НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXXVI СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХXXVI  СЕССИЯСЫНЫН

№ 3 ТОКТОМУ

 

2-март 2021-жыл                                                                                                                                                                                   Нарын шаары

 

Жергиликтүү бюджеттин 2021-жылдын 1-январына карата калган калдыктан акча  каражатын бөлүү жөнүндө

            Нарын шаарынын Жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын 1-январына карата калган 18956,0миң сом калдыктын эсебинен «Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине» ылайык, мекеме-ишканалардын сунушунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын чечимин жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын 1-январына карата калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен төмөндөгү мекемелерге төмөнкүдөй  акча каражаты бөлүнүп берилсин:

а) Нарын шаардык “Таза-Нарын”муниципалдык ишканасына автогрейдер     сатып алууга каражат бөлгөн “Бюджет, финансы, экономика, инвестиция  жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын 19-ноябрь 2020-жылдагы №44 Протоколуна ылайык 7,4 млн сом;

б) Нарын шаардык “Жашылдандыруу”муниципалдык ишканасына  парктарга, скверлерге кароолчулар үчүн шаймандарды сактоо жайын (будка) курууга 190,0миң сом, Нарын шаарындагы ”Ж.Акималиев”паркын темир тосмо менен тосууга  1 млн 200 миң сом, суу куюучу цистерна алууга 45,0 миң сом;

в) Нарын шаардык билим берүү   тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө жалпысынан  2 млн 706 миң 500 сом: (компьютер-400,0миң сом, спорттук инвентарга 200,0 миң сом,окуучуларды олимпиадага даярдоого-60,0миң сом, математика, эне-тили сабактарынын мугалимдеринин билимин жогорулатууга 48,0миң, мектеп ашканаларына керектүү инвентарларды алууга 1млн 23 миң 900сом,мугалимдердин билимин жогорулатууга 103,0 миң сом, бала бакчалардагы балдардын тамак ашына 2 сом өлчөмүндөгү кошумча акча каражатына 741,600 сом, бала бакчалардагы Вальдорф педагогикасы боюнча методикалык жардам алууга 100,0 миң сом, аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн окуучу балдарын ЖРТга даярдоого 30,0миң сом).

г) Нарын шаардык балдар-уландар спорт мектебине агынды суулардын септигин борбордук канализацияга кошууга 160,0 миң сом, “Газпром-балдарга”спорт комплексинин айланасын жашылдандырууга 230,0 миң сом, музыкалык аппаратура алууга 150,0 миң сом, айланасын темир тосмо менен тосууга 200,0миң сом;

д) Нарын шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине  канат-бугилдик жолуна ролик жасатууга 120,0 миң сом, спорт шаймандарын алууга 50,0миң сом, спорттук мелдештерди өткөрүүгө 300,0 миң сом;

е) Нарын шаардык С.Бекманбетов атындагы эркин күрөш боюнча адистештирилген   олимпиадалык резервиндеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине көмүркана салууга,дубалын орнотууга 147,0 миң сом;

ё) Нарын шаардык бириктирилген Аскер комиссариатына күз-жаз аскерге жөнөтүү үчүн 50, миң сом;

ж) Облустук үй-бүлүлүк дарыгерлер борборунда иштеп жаткан Табылды   Жакыповго жана облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун дарыгери Аида Көкөтаевага бир жылга 72,0миң сом;

з) Нарын шаардык мэриясынын обсервация учурунда иштеген мекемелердин, мейманканалардын электр энергиясына карызы үчүн 205,0 миң сом ;

и) Нарын шаардык мэриясы жана Кеңешинин профсоюз уюмунун өтүнүч катынын негизинде жалпы эмгек жамаатына жылдын жыйынтыгы менен  материалдык жардам катары  955, 6 миң сом;

й) Нарын суу-канал ишканасынын суу алуучу жайларды куралдуу  кайтарган мекемеге1500,0миң сом  каражат;

к) “КРнын согуш,куралдуу күчтөр,укук коргоо, органдарынын жана орукта эмгектенгендердин Нарын шаардык Кеңеши”коомдук бирикмесине 80,0миң сом, Нарын шаардык аксакалдар сотуна 70,0миң сом;

л)  Нарын шаардык муниципалдык транспорттук ишканасына троллейбус алууга 600,0 миң сом, электр энергиясынын карызына 280,5 миң сом;

м) Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине материалдык жардам катары 100,0 миң сом;

н) Нарын шаардык турак-жай башкармасынын социалдык фондко болгон карызын жабууга 628,0 миң сом.

2.Бөлүнгөн акча каражаты боюнча финансылык иш алып баруу жагы Кыргыз Республикасынын экономика жана каржы министрлигинин Нарын башкармалыгына жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, инвестиция жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

      Жөнүтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, финансы башкармалыгына, юстиция башкармалыгына.

Добавить комментарий