НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХХVI СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХХХVI СЕССИЯСЫНЫН

4 ТОКТОМУ

 

2-март 2021-жыл                                                                                                                                                                                   Нарын шаары

             

Нарын шаарынын балдар бакчаларындагы тамак-аштарга болгон төлөм бааларын көтөрүү жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.10.2012-жылдын №742 токтому менен бекитилген “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу”  Мамлекеттик билим берүү стандартын турмушка ашыруу үчүн балдар бакчаларында тамак-аш коопсуздугун жана алардын сапатын жогорулатуу максатында Нарын шаарындагы балдар бакчаларынын ата-энелер комитеттеринин жалпы жыйынынын протоколдук чечимдерин эске алып Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын балдар бакчаларындагы мектепке чейинки балдарды тамак-аш менен камсыз кылууда жергиликтүү бюджеттен мурдагы төлөнүп келген бир күндүк тамак аш баасын 13 (он үч) сомдон 15 (он беш) сомго жана 18 (он сегиз) сомдон 20 (жыйырма) сомго көтөрүлүп, бекитилсин.
  2. Ата — энелерден балдардын тамак-ашына алынуучу жыйымдарды айына 600 (алты жүз) сомдон 800 (сегиз жүз) сомго көтөрүлүп, бекитилсин.
  3. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгы токтомдун 1-пункттуна ылайык төлөмдөрдү жүргүзсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нарын шаардык мэриясына жана шаардык билим берүү бөлүмүнө тапшырылсын.
  5. Токтом 2021-жылдын 1-апрелинен баштап күчүнө киргизилсин.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, билим берүү бөлүмүнө.

Добавить комментарий