НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХХVI СЕССИЯСЫНЫН
№ 7 ТОКТОМУ
2-март 2021-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык Кеңешинин 20-декабрь 2018-жылдагы кезектеги ХIХ сессиясынын “Нарын шаарынын 2018-2022-жылдарга өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө” №1 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык, Нарын шаардык мэриясынын “Нарын шаарынын 2018-2022-жылдарга өнүгүү программасына” “Демилгелүү жаштар” долбоорунун алкагында түзүлгөн демилгелүү жумушчу топтун сунуштарын толуктоо катары киргизип берүү тууралуу кайрылуусунун карап чыгып, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, инвестиция жана ишкердүүлүк боюнча” жана “Депутаттык иш, ардагерлер жаштар саясаты, коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссияларынын отурумдарынын протоколдорунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы кезектеги 20-декабрь 2018-жылдагы ХIХ сессиясынын №1 токтому менен бекитилген “Нарын шаарынын 2018-2022-жылдарга өнүгүү программасы” тиркемеге ылайык толукталсын (тиркеме тиркелет).
2.Токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, НШМга, юстиция башкармалыгына.
НАРЫН ШААРЫНЫН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ПРОГРАММАСЫНА СУНУШ_ТИРКЕМЕ