НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXXVI СЕССИЯСЫНЫН №6 ТОКТОМУ

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН  IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ 

КЕЗЕКТЕГИ  XXXVI  СЕССИЯСЫНЫН

6  ТОКТОМУ

 

2-март 2021-жыл                                                                                                                                                                                Нарын шаары

 

 Нарын шаардык муниципалдык транспорттук ишканасынын башталгыч класстардын окуучуларын ташуудагы жол кире акысын  көтөрүү  жөнүндө

          Кыргыз Республикасынын “Транспорт жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарынын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине жана “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлук, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Нарын  шаардык муниципалдык транспорттук ишканасы тарабынан башталгыч класстардын окуучуларын ташуудагы жол кире акысы 2 (эки) сомдон 4 (төрт) сомго көтөрүү менен бекитилсин.

2.Нарын шааарындагы башталгыч класстардын окуучуларын ташуудагы жол кире акысын төлөө Нарын шаарынын жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.

3.Токтом Нарын шаардык муниципалдык транспорттук ишканасы тарабынан аткарууга алынсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жана тийиштүү туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов         

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, транспорттук ишканасына.

Добавить комментарий