НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXXVII СЕССИЯСЫНЫН №3 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  ХXXVII  СЕССИЯСЫНЫН

№ 3  ТОКТОМУ

 

10-март  2021-жыл                                                                                                                                                                                Нарын шаары

 

Нарын шаарындагы РТС чөлкөмүндөгү балдар ойноочу аянтчасы жайгашкан скверин “Нарын-81 ынтымагы” деп атоо жөнүндө

              Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзамдарынын, “Нарын шаарынын көчөлөрүнө, парктарына (сквер), мекеме  ишканаларына, окуу жайларына ат берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде,  Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык, Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаарындагы орто мектептердин 1998-жылы бүтүрүүчүлөрүнүн кайрылууларын эске алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы  токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын РТС аймагындагы балдар ойноочу аянтчасы жайгашкан сквери “Нарын-81 ынтымагы” сквери деп аталсын.
  2. Сквердин ичин жасалгалоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жарыктандыруу жана башка оңдоп түздөө иштерине байланыштуу чыгымдар Нарын шаарынын орто мектептеринин 1998-жылы бүтүрүүчүлөрүнүн эсебинен жүргүзүлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, 1998-жылкы бүтүрүүчүлөргө, жашылдандыруу ишканасына.

 

Добавить комментарий