НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХХVII СЕССИЯСЫНЫН №4 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  ХХХVII  СЕССИЯСЫНЫН

ТОКТОМУ

10-март 2021-жыл                                                                                                                                                                                 Нарын шаары

 

Нарын шаарынын РТС аймагындагы “Көкө-Мерен” көчөсүнө Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” маркум Набий Жумакеевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө

               Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”  мыйзамдарынын,  “Нарын шаарынын көчөлөрүнө, парктарына (сквер), мекеме  ишканаларына, окуу жайларына ат берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын  чечимине ылайык, Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаарынын Көкө-Мерен көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылууларын карап чыгып Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын РТС аймагындагы “Көкө-Мерен” көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, мындан ары маркум Набий Жумакеев атындагы көчөсү деп аталсын.
  2. Көчөнүн атын өзгөртүү, оңдоо, түзөтүү, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, арыктарды ирээтке келтирүү иштерин жүргүзүү жана ушул көчөнүн жашоочуларынын үй китепчелерин, паспортторун которууга кеткен финансылык чыгымдар Н.Жумакеевдин  үй бүлөсүнүн эсебинен жүргүзүлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

 

 Жөнөтүлсүн: иш кагазга, мэрияга,  юстиция башкармалыгы,  Н.Жумакеевдин үй бүлөсүнө.

 

Добавить комментарий