НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ VIII СЕССИЯСЫНЫН №7 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  VIII СЕССИЯСЫНЫН                                                                                №7 ТОКТОМУ

 

28-апрель 2017-жыл                                                                                                   Нарын шаары

Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө

 

Айылчиев Ишенбек Жаныбекович 1955-жылы Нарын шаарында туулган. Нарын шаарындагы  Токтогул орто мектебинен билим алган. 1973-1975-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.1988-жылы 28-июндан 29-декабрга чейин Чернобыль кырсыгын жоюуга катышкан.1999-жылдан 2008-жылга чейин «Чернобыль-Нарын коомдук бирикмесин жетектеп келген.Нарын облустук, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын, Нарын шаардык Кеңешинин жана мэриясынын  «Ардак грамотасы» менен сыйланган. Нарын облусунун «Ардактуу атуулу» .                                                                                                                    Кашкаева Сайра1949-жылы Нарын районуна караштуу ЧетНура айылында   туулган.1966-жылы Нарын шаарындагы Токтогул  атындагы орто мектебин ийгиликтүү аяктаган. В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун   физика-математика факультетин аяктаган. 1970-жылдын 28-ноябрынан баштап 1973-жылга чейин В.В.Маяковский  атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математикалык факультетинин жогорку математика кафедрасында окутуучу болуп иштеген. 1977-жылдан 2017-жылга чейин Нарын шаарындагы №1-Токтогул атындагы орто мектебинде иштеп келген. 1999-жылдын январь айынан баштап, 2017-жылдын сентябрына №1-Токтогул жана №2-В.П.Чкалов атындагы орто мектебинде айкалыштырып иштеп келет. Учурда №2-В.П.Чкалов орто мектебинде математика сабагынан мугалим болуп эмгектенип келүүдө. Жалпы эмгек стажысы-45 жыл.                    Исабекова Токтобүбү 1954-жылы Нарын шаарында туулган. Өзүнүн эмгек жолун 1971-жылы кийим тигүү фабрикасында эмгектенүү менен баштаган. 1993-жылдан 2006-жылга чейин Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепканада китепканачы, 2006-жылдан азыркы убакка чейин Нарын шаардык Ж.Коңурбаева атындагы борборлоштурулган китепканада директор болуп эмгектенүүдө. Маданияттын мыкты кызматкери.                                                                     Бошубеков Карыбек 1955-жылы Нарын шаарында туулган.1963-жылы Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы орто мектебине кирип, 1973-жылы мектепти ийгиликтүү аяктаган. 1973-жылы Нарын педагогикалык окуу жайынын дене-тарбия бөлүмүнө тапшырып, 1976-жылы толук курсун бүтүрүп, окуу жайда мугалим болуп иштеген. 1976-жылдын октябрь айынан 1978-жылдын декабрь айына чейин Москва шаарында жайгашкан 53-Орша-Хинган атындагы түмөндүн 6585 аскер бөлүгүндө ага сержант наамында он башынын милдетин аткарып, аскердик кызматын өтөгөн. 1979-жылдын август айына чейин жогоруда аталган окуу жайында мугалим болуп иштеген.1985-жылдын март айынан баштап, Нарын шаардык балдар-уландар спорт мектебинде эркин күрөш боюнча башкы машыктыруучу болуп иштеп, 2011-жылдын август айында жаңы ачылган Нарын райондук грек-рим күрөшү боюнча балдар -уландар спорт мектебине директор болуп дайындалган. 2016-жылдын октябрь айынан бери спорт мектебинде усулчу кызматында иштеп келүүдө. 1990-жылы эркин күрөш боюнча «СССРдин спорт чебери», 1995-жылы улуттук күрөш боюнча «КРнын спорт чебери», 1995-жылы «КРнын эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу», Бир нече «Ардак грамоталардын» ээси.               Мамытбеков Басылбек Токтобекович 1952-жылы Ак Талаа районунда туулган. 1959-жылы Нарын шаарындагы Ленин атындагы орто мектепке кирип, 1969-жылы ийгиликтүү аяктаган.Мектепти  аяктаган соң  Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайдын «Дене тарбия» бөлүмүнө кирип, 1974-жылы аяктаган. Өзүнүн эмгек жолун 1974-жылы Нарын облустук жаштар спорт мектебинде машыктыруучу болуп эмгектенүү менен баштаган. 1975-жылдан тартып, 1983-жылы  шаардык балдар спорт мектебинде машыктыруучу, 1980-1983-жылдары машыктыруучу, 1983-1985-жылдары окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн. 1985-жылдан 1997-жылга чейин Нарын педагогикалык окуу жайынын дене тарбия бөлүмүндө мугалим болуп эмгектенген. 1999-жылдан ушул убакка чейин С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин дене тарбия кафедрасында окутуучу болуп иштеп келүүдө. Эркин күрөш боюнча СССРдин спортунун чебери. КРнын эркин күрөш боюнча бир нече жолку чемпиону, Каба уулу Кожомкул атындагы эл аралык турнирдин 2 жолку чемпиону. «Динамо» спорт коому боюнча СССРдин чемпиону.                  Оморов Токторбек Саалиевич 1964-жылыТянь Шань районуна караштуу 8-март колхозунун Шоро айылында туулган.1971-жылы Нарын шаарындагы №1-Токтогул атындагы орто мектепке кирип, 1980-жылы 8-классты аяктаган. 1980-1983-жылдары Нарын шаарындагы №13-ГПТУ кесипчилик окуу жайын бүтүргөн. 1983-жылы Фрунзедеги Политехникалык институтуна тапшырган. 1984-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Ооган жергесинин Кундуз провинциясында интернационалдык милдетин аткарган. 1991-жылы Фрунзедеги Полтитехникалык институттун технологиялык факультетин бүтүрүп, инженер-технолог кесибине ээ болгон. 1991-1996-жылдары жолдомо менен Нарын шаардык эт комбинатына жиберилип, бригадирлик кызматтан цехтин башчысы кызматына чейин иштеген. 1999-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн  катарына офицерлик кызматка чакырылып, чек ара кызматында иштеген.1999-2000-жылдары Баткен коогалаңына катышкан. Зардалы чек ара бөлүмүнүн жергиликтүү эл менен иштөө боюнча иш алып барган.Учурда  Нарын шаардык Авган согушунун ардагерлер Кеңешинин төрагасы.                                                                        Калманбетова Анаркүл Кыдыковна 1963-жылы Нарын шаарында туулган. 1978-жылы Нарын шаарындагы Киров атындагы орто мектебин артыкчылык күбөлүгү  менен аяктаган. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун дарылоо факультетине кирип, 1986-жылы бүтүргөн.1987-1993-жылы Нарын облустук ооруканасында врач терапевт жана участкалык терапевт болуп иштеген. 1993-1995-жылдары Нарын облустук Саламаттык сактоо башкармасында башкы терапевт болуп эмгектенген.1995-2010-жылдары Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басар, 2010-жылдан баштап, ушул күнгө чейин Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директорунун биринчи орун басары болуп эмгектенип келе жатат.КРнын Саламаттык сактоонун «Ардактуу кызматкери » наамы, «Ардак грамотасы» менен сыйланган.Нарын облустук, райондук администрациясынын, шаардык Кеңештин, мэриянын «Ардак грамотасы» менен сыйланган. Учурда Нарын шаардык Кеңешинин «Ала Тоо ынтымагы» фракциясынан депутат, шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары.

Жогорудагылардын негизинде  туруктуу комиссиянын протоколуна жана сунуштарга  ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаарынын өсүп өнүгүшүнө ар тармак боюнча кошкон салымдары, эл-жерди коргоодо көрсөткөн өзгөчө эмгектери үчүн Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын жабык жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен  Айылчиев Ишенбек Жаныбековичке макул-21,каршы-2, Кашкаева Сайрага макул-21,каршы-2, Исабекова Токтобүбүгө-макул-22,каршы-1, Бошубеков Карыбекке мкул-22,каршы-1, Мамытбеков Басылбек Токтобековичке макул-22,каршы-1, Оморов Токторбек Саалиевичке макул-22, каршы-1,Калмамбетова Анаркүл Кыдыковнага макул-21, каршы-2  добуштарына ээ болгондуктан, Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
  2. Жобого ылайык атайын үлгүдөгү жазалган Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                             Ж.Ботоканов

____________________________________________________________________________________Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий