НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ VIII СЕССИЯСЫНЫН №5 ТОКТОМУ
28-апрель 2017-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык мэриясынын алдындагы административдик укук бузуулар боюнча комиссиянын Жобосун бекитүү жөнүндө
Нарын шаарында шаардын санитардык тазалыгын камсыз кылуу, өзгөчө шаардын борбордук базарынын тегеретесин ирээтке келтирүү максатында административдик укук бузуулар боюнча комиссия түзүүгө шаардык мекеме ишканалардын, шаардык Кеңештин депутаттарынын жана шаардык Кеңештин, мэриянын жооптуу кызматкерлеринин, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте жыйын өткөрүлгөн. Өткөрүлгөн жыйындын жыйынтыгы менен административдик комиссиянын Жобосу иштелип чыккан.
Нарын шаардык мэриясы иштин зарылчылыгына байланыштуу Нарын шаардык мэриясынын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясы жөнүндөгү Жобосун бекитүү боюнча Нарын шаардык Кеңешине сунуш кат менен кайрылган. Сунуш кат шаардык Кеңештин фракция жетекчилери жана Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча туруктуу комиссиясынын депутаттары менен биргеликте отурумда каралып, депутаттар бул маселени кезектеги сессиянын күн тартибине киргизүүнү, жалпы депутаттардын талкуусуна сунуштаган.
Нарын шаардык мэриясынын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясы жөнүндөгү Жобосун бекитүү боюнча Нарын шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси К.Чымылдаковдун билдирүүсун угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Нарын шаардык мэриясынын алдындагы административдик укук бузуулар боюнча комиссиясы жөнүндөгү Жобосу бекитилсин. (Жобо тиркелет)
- Нарын шаардык мэриясынын алдындагы административдик укук бузуулар боюнча түзүлгөн комиссия өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү жагы белгиленсин.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга