НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIV СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIV СЕССИЯСЫНЫН

№ 3 ТОКТОМУ

7-март 2018-жыл                                                                                                                                        Нарын шаары

Нарын шаардык Кеңешинин 16-февраль 2017-жылдагы IV чакырылыштагы кезексиз IVсессиясынын №1-токтому менен бекитилген, дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен каржылануучу долбоорлорду тандоо боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Нарын шаардык Кеңешинин 16-февраль 2017-жылдагы IV чакырылыштагы кезексиз IVсессиясынын №1-токтому менен бекитилген, дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен каржылануучу долбоорлорду тандоо боюнча түзүлгөн  комиссиясынын курамындагы Нарын шаардык мэриясынын бөлүм башчысы Өмүралиев Эсентур Алымбаевичтин кызмат абалы өзгөргөндүгүнө байланыштуу, тиешелүү токтомдун мазмунуна өзгөртүү киргизип, ордуна Кайыпов Нурлан Бекболотовичти комиссиянын курамына киргизүү боюнча Нарын шаардык мэриясынан кайрылуу келген.

Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык мэриясынын кайрылуу катын эске алып, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө,архитектура-курулуш,отун энергетикасы,транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы, токтом кылат:

  1. Нарын шаардык Кеңешинин 16-февраль 2017-жылдагы IV чакырылыштагы кезексиз IVсессиясынын №1-токтому менен бекитилген, дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен каржылануучу долбоорлорду тандоо боюнча комиссиясынын курамына Нарын шаардык мэриясынын бөлүм башчысы кызмат ордуна Кайыпов Нурлан Бекболотович дайындалгандыктан, Нарын шаардык мэриясынын бөлүм башчысы- Кайыпов Нурлан Бекболотович деген сүйлөм менен алмаштырылып, көрсөтүлүп жазылсын (курамы тиркелет).
  1. Токтомдун аткарылышын Нарын шаардык Кеңешинин 16-февраль 2017-жылдагы IV чакырылыштагы кезексиз IV сессиясынын №1-токтому менен бекитилген, дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен каржылануучу долбоорлорду тандоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, юстиция башкармалыгына.

 

Нарын шаардык Кеңешинин

2018-жылдын 7-мартындагы

XIV сессиясынын 3-токтомуна

 №1 тиркеме

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен каржылануучу долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын курамы

Аты-жөнү Кызматы
1 Курманов Давид Нарын шаардык Кенешинин депутаты, комиссиянын төрагасы
2 Урустемов  Жекшенбек Нарын шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын катчысы
3 Дуйшоналиев Алмаз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын башкы адиси, комиссиянын мүчөсү
4 Кайыпов Нурлан Бекболотович Нарын шаардык мэриясынын бөлүм башчысы, комиссиянын мүчөсү
5 Нурмамбетова Гульзат «Нарын билим берүү долбоорлорунун агенттиги» коомдук уюмунун жетекчиси, комиссиянын мүчөсү
6 Жумаев  Майрамбек  «ЛАРК» коомдук фондунун юристи, комиссиянын мүчөсү
7 Капарова  Жылдыз  «Ай-Мээри» коомдук уюмунун жетекчиси, комиссиянын мүчөсү
8 Супатаева  Гульзат «Өнүгүү жана жаратман» коомдук фондусунун төрайымы, комиссиянын мүчөсү

Добавить комментарий