НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIV СЕССИЯСЫНЫН
№ 4 ТОКТОМУ
7-март 2018-жыл Нарын шаары
«Газпром» май куюучу жайына кошумча газ куюучу жайдын жер тилкесин зонадан зонага которуу жөнүндө
«Спектр Групп ЛТД» ЖЧКсынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык мэриясы Нарын шаардык Кеңешине кат менен кайрылган.Катта «Газпром» май куюучу жайына кошумча газ куюучу жайдын жер тилкесин Р-3 зонасынан К-1 зонасына которуп берүү жагын сурап кайрылышкан.
Нарын шаардык мэриясынын каты Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура -курулуш, отун энергетикасы, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө макулдук берилип, шаардык Кеңештин кезектеги сессиясынын кароосуна коюу жагы сунушталган.
Күн тартибиндеги маселени депутаттар угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы, токтом кылат:
- Газпром» май куюучу жайына кошумча газ куюучу жайдын 375,0м2 чарчы метр жер аянтты Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн зонага өзгөртүү киргизилип, аталган жер аянты Р-3 (ландшафттык-рекреациялык аймактардын зонасы) зонасынан К-1 (транспорт ишканалардын, кампалардын-базалардын, коммуналдык чарба жана майда өндүрүштүн зонасы) зонасына которулсун.
- К-1 зонасына которуудагы тиешелүү бүтүмдүк иш кагаздарын Мыйзам чегинде бүткөрүү Нарын регионалдык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгына, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга,Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына, юстиция башкармалыгына, арыз ээсине.