НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIV СЕССИЯСЫНЫН № 6/1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIV СЕССИЯСЫНЫН

№ 6/1 ТОКТОМУ

7-март 2018-жыл                                                                                                                                        Нарын шаары

Нарын шаарынын 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө

Нарын шаарынын 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүүдө «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып,  Нарын шаардык  Кеңешинин сессиясы, токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын 2017-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин (№ 1 тиркеме тиркелет).
  2. Нарын шаарынын 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдардан Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде Нарын шаардык мэриясынын буйруктары менен берилген 7 428,3 миң сом акча каражаты бекитилсин (№ 2 тиркеме тиркелет). 
  3. Нарын шаарынын 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинде бекитилген резервдик фонд Нарын шаарынын мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин  буйруктары менен берилген  900,0 миң сом акча каражаты бекитилсин (№3 тиркеме тиркелет).
  4. Токтомду аткаруу жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына  (Ж.Урустемов) тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, КРнын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына, юстиция башкармалыгына.

 

Tirkeme-6-1-1  Нарын шаарынын 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше  бөлүгүнүн  аткарылышы

Tirkeme-6-1-2  Нарын шаарынын  2017-жылына карата экономикалык чыгымдарга бөлүнгөн акча каражаттарынын маалыматы

Tirkeme-6-2-3 Нарын шаарынын 2017-жылына карата шаардык резервдик фонддон бөлүнгөн акча каражаттарынын маалыматы

Добавить комментарий