НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIV СЕССИЯСЫНЫН № 6/2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIV СЕССИЯСЫНЫН

№ 6/2 ТОКТОМУ

7-март 2018-жыл                                                                                                                                        Нарын шаары

Нарын шаарынын 2018-жылга жергиликтүү бюджети жана 2019-2020— жылдарга болжолу жөнүндө

Нарын шаарынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана 2019-2020-жылдардын долбоору  «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга Республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдардын долбоорлору жөнүндө», «Кыргыз  Республикасынын  бюджеттик Кодекси» жөнүндөгү»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, бюджеттик мекеме-ишканалардын берген долбоорлорунун негизинде түзүлүп, Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын эске алып,  Нарын шаардык  Кеңешинин сессиясы, токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын 2018-жылдын жергиликтүү  бюджетинин көлөмү кирешелер боюнча 109355,2 мин сом мунун ичинен салык жыйымдары 92829,2 миң сом жана салык эмес жыйымдары 16526,0 миң сом өлчөмүндө жана 2019-жылдын долбоору 116211,2миң сомго, 2020-жылдын долбоору  123743,2 миң сомго  бекитилсин.(№1,2 тиркемелер тиркелет).
  2. Чыгашалар бөлүгү боюнча  109355,2 мин сомго аныкталып, анын ичинен билим берүү тармагына 20225,7 миң сом,  маданият тармагына 5235,5  миң сом,  социалдык өнүгүү  тармагына 10521,0 миң сом, мамлекеттик жарандык кызмат  жана муниципалдык кызмат тармагына 20930,0 миң сом, турак жай жана коммуналдык кызмат тармагына 43443,0 миң сом жана  башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдарга 9000,0 миң сом  өлчөмүндө бекитилсин.  (№3 тиркеме тиркелет).
  3. Нарын шаарынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн бекитилген планына Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан квартал сайын киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маалыматты Нарын шаардык Кеңешини берип туруу жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.
  4. Нарын шаардык ,билим берүү тармагына келишим менен Нарын шаарынын №16 “Ыйман” бала бакчасына кошумча 0,5 штаттык бирдиги  үчүн 68,0 миң сом акча каражаты каралсын жана келишим түзүү, көзөмөл жүргүзүү жагы Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.
  5. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” 2016-жылдын 30-майындагы №75 Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин кызматкерлеринин эмгек маяналарына  2018-жылдын  январь айынан  баштап кошумча 10 пайыз акча каражаты кошулуп берилсин.
  1. Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлерине жана Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын кызматкерлери ошондой эле, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эмгек өргүүсүнө чыкканда 1 (бир) айлык өлчөмүндө материалдык жардамга акча каражаты кошулуп берилсин.
  2. Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын жана Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиктери жана эмгек акылары Нарын шаардык Кеңеши менен макулдашылып, Нарын шаардык мэриясы тарабынан бекитилсин.
  3. Нарын шаардык троллейбус ДЭПОсуна Нарын шаарындагы 1-4- класстын окуучуларынын бекер жүрүүсүнө Нарын шаардык билим берүү жана Нарын шаардык троллейбус ДЭПОсу менен түзүлгөн акт-сверканын негизинде экономикалык чыгымдарга каралган акча каражатынын эсебинен каржылансын жана каржылоо жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына  тапшырылсын.
  4. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме ишканалардын штаттык бирдиктери жана чыгаша сметасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунушу менен мыйзамдарга ылайык бекитилсин.
  5. Нарын шаарынын муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысынан түшүүчү    4504,0  миң  сом  акча каражаты жергиликтүү бюджеттин   киреше жана чыгаша бөлүгүнө киргизилсин жана толук чогултуу Нарын шаардык  муниципалдык менчикти башкаруу жана калка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын  директорунун  персоналдык милдети деп белгиленсин.
  1. Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаардык салык кызматы аркылуу жергиликтүү бюджетке түшүүчү 92829,2 миң сом каражатты бюджетке түшүрүү Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык кызматынын начальнигинин персоналдык милдети деп белгиленсин.
  2. Нарын шаардык мэриясына «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 24-беренесине  ылайык жергиликтүү бюджеттин  чыгашаларынын көлөмүнүн   1 пайызынан ашык эмес 1090,0 миң сом резервдик фонду түзүлсүн.
  3. Бул токтом менен бекитилген Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык кызматына , чогултуу Нарын шаардык  муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына, Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына  жана шаардык мекеме жетекчилери тарабынан кыйшаюсуз аткаруу жагы жүктөлсүн.
  4. Нарын шаарынын 2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышына жана 2019-2020-жылдардын план-долбооруна катуу көзөмөлдүк кылуу жагы Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет,финансы экономика, ишкердүүлүк, инвестиция” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
  5. Ал эми бул токтомдун аткарылышы Нарын шаардык мэриясына жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                               Ж.Ботоканов

 

 

 Жөнөтүлсүн: иш кагазга, КРнын финансы министрлигине, Нарын шаардык  мэриясына, КРнын  финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына, юстиция башкармалагына.

 

Tirkeme-6-2-1  Нарын шаарынын  2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин  киреше  бөлүгүнүн планы

Tirkeme-6-2-2  Нарын шаарынын  2019-2020-жылдардын жергиликтүү бюджетинин  киреше  бөлүгүнүн планынын долбоору

Tirkeme-6-2-3  Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга  чыгаша бөлүгүнүн планы

 

 

 

Добавить комментарий