НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ XIV СЕССИЯСЫНЫН
№ 6/3 ТОКТОМУ
7-март 2018-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын 2018-жылдын 1-январына карата калган акча каражатын бөлүү жөнүндө
Нарын шаарынын 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен, «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине» ылайык, бюджеттик мекеме-ишканалардын сунушунун негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын эске алып Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы, токтом кылат:
- Нарын шаарынын 2018-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетте калган калдыктын эсебинен төмөндөгү мекеме – ишканаларга акча каражаты бөлүнүп берилсин;
- Токтомдун ушул көрсөтүлгөн пункту менен бөлүнгөн каражаттар Нарын шаардык мэриясы аркылуу жүргүзүлсүн:
- ЖӨБО мүчөлүк акысына 40,0 миң сом,
- Нарын шаардык аксакалдар сотуна 43,0 миң сом,
- Нарын шаардык Ардагерлер Кеңешине 80,0 миң сом,
- Нарын шаарындагы дарыгерлердин жашаган батирине 183,0 миң сом,
- Нарын шаарындагы мектеп жана бала бакчаларга суу эсептегич коюу үчүн 200,0 миң сом,
- Нарын шаардык аскер комиссариатына 60,0 миң сом,
- Нарын шаардык троллейбус ДЕПОсуна 50,0 миң сом,
- Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө 100,0 миң сом,
- Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасына атайын техника (погрузчик) алууга 1500,0 миң сом;
- Бул токтомдун 1 пункту менен мекемелерге бөлүнгөн акча каражаттар Нарын шаардык мэриясы аркылуу жүргүзүлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына, ал эми токтомду аткаруу жагы шаардык мэрияга, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, юстиция башкармалыгына, КР финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына.