НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIX СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХIX СЕССИЯСЫНЫН

№ 2 ТОКТОМУ

 

20-декабрь 2018-жыл                                                                                                                                                                            Нарын шаары

 

Нарын шаарында 2018-2019-жылдардын күз-кыш мезгилине карата шаардык мэриясынын тармактык бөлүмдөрүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

        Нарын шаарында 2018-жылдын 31-октябрында өткөн XVIII сессиясында шаардык Кеңештин айрым депутаттары тарабынан кышка карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө маселени угуу боюнча сунуштар айтылган.

         Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык жана Нарын шаардык мэриясынын тармактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин маалыматтарын угуп, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. 2018-2019-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата шаардык мэриясынын тармактык бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери боюнча сессияда берген маалыматтары эске алынсын.
  2. Нарын шаарынын калкын үзгүлтүксүз өз учурунда көмүр, жылуулук, таза суу жана электр энергиясы менен камсыз кылуу Нарын шаардык мэриясынын, Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмесинин, Нарын суу-канал ишканасынын, Нарын электр тармактар ишканасынын  башкы милдети деп эсептелсин жана жеткиликтүү чаралар көрүлсүн.
  3. Нарын шаарындагы жалпы орто мектептердин, бала-бакчалардын жана шаардын ооруканалардын, үй бүлөөлүк дарыгерлер тобунун толук кандуу иштөөсүнө шарт түзүү, белгиленген нормада жылуулук менен камсыз кылуу жагы Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө, Нарын облустук үй-бүлөөлүк медицина борборуна тапшырылсын.
  4. Нарын шаарынын борбордук көчөлөрүнө жана жалпы ички көчөлөрүнө себилүүчү инерттик материалдарды, туздарды толук камдоо жана кышка карата керектүү техникаларды камсыз кылуу жагы «Таза-Нарын» ишканасына тапшырылсын.
  5. Мекемелердин дебитордук карыздарын өндүрүү боюнча иш аракеттерди көрүү жагы Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмесинин, Нарын суу-канал ишканасынын, Нарын электр тармактар ишканасынын, Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын жетекчилерине жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, ММИге, облустук юстиция башкармалыгына.

Добавить комментарий