НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIX СЕССИЯСЫНЫН № 6 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХIX СЕССИЯСЫНЫН

№ ­­­6 ТОКТОМУ

20 — декабрь 2018-жыл                                                                                                                                                                          Нарын шаары

 

 Нарын шаарынын борбордук аянтынын үстүнкү бөлүгүнө 250 орундуу балдар бакчасын курууга жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын, “Нарын шаарында муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” жобонун, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин негизинде, Нарын шаардык мэриясынын Нарын шаарынын борбордук аянтынын үстүнкү бөлүгүнөн 250 орундуу заманбап балдар бакчасынын имаратын курууга жер тилкесин бөлүп берүү боюнча сунуш катын карап жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын борбордук аянтынын үстүнкү бөлүгүнө Туркия мамлекетинин Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитети тарабынан 250 орундуу заманбап балдар бакчасынын имаратын курууга 1700 чарчы метр жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Балдар бакча салына турчу аянттын жана курулуш жүргүзүүгө керектелген тийиштүү документтерди даярдоо жана токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлгө алуу жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                         Ж.Ботоканов

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына, мэрияга.

Добавить комментарий