НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХIX СЕССИЯСЫНЫН
№ 5 ТОКТОМУ
20 — декабрь 2018-жыл Нарын шаары
Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана Нарын шаардык мэриясынын башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жумушчу комиссиянын Жобосун бекитүү жөнүндө
Нарын шаардык мэриясы ЮСАИД эл аралык уюмунун “Ийгиликтүү аймак” долбоору менен 2018-жылдын октябрь айынан бери тыгыз иш алып барууда. Долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иштөөгө жана алардын ишин жакшыртууга, сапаттуу кызмат көрсөтүүгө, жарандардын ишенимин жогорулатууга жана Кыргыз Республикасындагы шаарлар арасында тажрыйба алмашууну күчөтүүгө багытталган.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, Нарын шаардык мэриясынын Уставына ылайык Нарын шаардык мэриясынын башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- ЮСАИД эл аралык уюмунун «Ийгиликтүү аймак» долбоорунун колдоосу менен ишке ашып жаткан “Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана Нарын шаардык мэриясынын башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча” жумушчу комиссиянын Жобосу бекитилсин (Жобо тиркелет).
- Нарын шаардык мэриясында жаңыдан түзүлгөн жумушчу комиссия Жобонун негизинде иш алып барсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына, мэрияга, ЮСАИД эл аралык уюмуна.