НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVII СЕССИЯСЫНЫН № 6 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                        

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XXVII  СЕССИЯСЫНЫН

№  6  ТОКТОМУ

10-декабрь 2015-жыл                                                                                                                 Нарын шаары

2015-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетке ашыкча түшкөн акча каражатынан айрым мекемелерге бөлүү жөнүндө.

       2015-жылдын 9-айында Нарын шаарынын  жергиликтүү бюджетинин бекитилген бардык кирешеси план боюнча 64816,8 миң сом болсо, иш жүзүндө 69800,8 миң сомго же 107,7 пайызга аткарылып, 4984,0 миң сом ашыкча түшкөн. Мунун ичинен бардык салык жыйымы пландагы 50729,8 миң сомдун ордуна 56364,3 миң сомго аткарылып, бардык көрсөткүчтөр ашыгы менен аткарылган же 5634,5 миң сом көп чогултулган. Нарын шаарынын мекеме-ишканалары бир катар иштерди аткарууда жетпей калган каражаттарды көрсөтүп,  шаардык Кеңешине  кат менен кайрылышкан.

Шаардык Кеңешине каражат сурап кайрылган мекемелердин каттары шаардык Кеңештин алдындагы  Бюджет,    финансы    жана   экономика, ишкердүүлүк, инвестиция    боюнча    туруктуу  комиссиясысына жолдонуп, туруктуу комиссия өз  отурумунда 2015-жылдын 30-ноябрында карап, жергиликтүү бюджеттин 9 айында ашыкча түшкөн акча каражатынан шаардын мекемелерине бөлүү боюнча шаардык  Кеңештин  10-декабрь 2015-жылы боло турган кезектеги сессиясына сунуштаган.

            Жогорулардын негизинде Нарын шаардык финансы бөлүмүнүн начальниги Ж.Үрүстөмовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                          ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаардык финансы бөлүмүнүн начальниги Ж.Үрүстөмовдун сессияга берген билдирүүсү эске алынсын.
  2. 2015-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетке ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен шаардын мекеме-ишканаларына тиркемеге ылайык 1490,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин (Тиркеме тиркелет).
  3. Жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын жергиликтүү бюджеттинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча планын бекитип берүү жагы КРнын финансы минстрлигинен суралсын.
  4. Токтомдун аткарылышын жана бөлүнгөн акча каражатынын туура пайдаланышынын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиясына жана Нарын шаардык финансы бөлүмүнө тапшырылсын.

       Төрага                                                                                                      Э.Турсуналиев

_____________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: Иш кагазга, туруктуу комиссияга, КРнын финансы министрлигине, шаардык мэрияга, шаардык финансы бөлүмүнө 

Добавить комментарий