НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХVIII СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 20- июлу №2
“Надир Абдулгофар Эвади” мечитин Нарын облусунун мусулмандар казыятына мөөнөтсүз пайдалануу укугу менен берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө жобосунун ,”Диний багыттагы обьекттерди эсептик каттоо” беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесин, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесин жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын, Нарын шаардык Кеңешинин «Муниципалдык, менчик жер, курулуш, архитектура, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун карап, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарындагы А.Молдоев көчосү №171 г дарегинде жайгашкан 500,0 (беш жүз) чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан “Надир Абдулгофар Эвади” мечитин Нарын облусунун мусулмандар казыятына мөөнөтсүз пайдалануу укугу менен берүүгө макулдук берилсин.
- Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Нарын шаардык Муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Ж.Эсеналиев
