НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХVIII СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 20 -июлу №3
Нарын шаарындагы “Билал бин Рабах” мечити пайдаланып келген жер тилкесинин багытын которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамын, “Нарын шаарынын курулуш жана жер пайдалануу эрежелерин” жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин ”Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун угуп, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын 64 аймагында жайгашкан Ленин көчөсү №1 дарегиндеги “Билал бин Рабах” мечити пайдаланып келген жалпы аянты 1750 (бир миң жети жүз элүү) чарчы метр жер тилкесинин багыты Нарын шаарынын башкы планында көрсөтүлгөн Р-2 багытынан, Ц-1 (шаардын борбордук зонасы) багытына которулсун.
- Р-2 багытынан Ц-1 багытына которуудагы тиешелүү иш кагаздары боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Нарын регионалдык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгына, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Ж.Эсеналиев
